Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Трамп саясий атаандаштарына каршы Орусиядан компромат алууга даяр

Трамп саясий атаандаштарына каршы Орусиядан компромат алууга даяр

13 июн 2019, 16:38    bishkek


АКШнын президенти Дональд Трамп
АКШнын президенти Дональд Трамп саясий атаандаштарына каршы Орусия же башка өлкөдөн алынган компроматтарды колдонууну уяттуу иш деп эсептебейт. Бул тууралуу ал шаршемби күнү ABC News телеканалына берген интервьюсунда билдирди.
«Бул биздин саясий жараянга кийлигишүү эмес, саясий күрөштөгү кадыресе жүрүш. Эгер мага ушундай материалдарды беришсе, анда алар мени алдаганга аракет кылып жатканын сезсем гана ФБРге кайрылам», — деди Трамп.

The New York Times басылмасы белгилегендей, Трамптын бул пикири 2020-жылкы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген демократтардын жана ФБРдин жетекчиси Кристофер Кэйдин көз караштарына каршы келет. Кэй мындай учурларда саясатчылар укук коргоо органдарына телефон чалуулары керектигин билдирген.
«Буга менин намысым жол бербейт. Эгер силерге зыян боло турган сунушту уксаңар, анда ал адам менен сүйлөшүүлөрдү токтотуп койгула. ФБРдин директорунун укук коргоо органдарына телефон чалуу сунушу туура эмес», — деди президент.
Буга чейин Трамптын улуу баласы 2016-жылы Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтонго каршы компромат берүүнү убадалаганорусиялык юрист Наталья Весельницкая менен болгон жолугушуусу боюнча конгрессмендердин суроолоруна жооп берген. Анда ал жыйынтыгында Весельницкаяда андай маалыматтар жок болуп чыкканын айткан.
Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсү боюнча эки жылга жакын иликтөө жүргүзгөн атайын прокурор Роберт Мюллер Москва Трамптын штабынын пайдасы үчүн натыйжалуу аракеттерди көргөнүн, бирок алардын ортосунда эч кандай көмүскө бүтүм болбогонун билдирген.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив