Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Издөө
» » «Трамптын Орусия менен байланышы» тууралуу иликтөө расмий жабылды

«Трамптын Орусия менен байланышы» тууралуу иликтөө расмий жабылды

30 май 2019, 11:39    bishkek

АКШда атайын прокурор Роберт Мюллер Орусиянын 2016-жылкы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсү боюнча иликтөө толук аяктап, кызматтан кетип жатканын расмий жарыялады.

«АКШнын Юстиция департаменти бул иликтөө боюнча кандай гана комментарий бербесин, ал баары бир иликтөө тууралуу баяндаманын чегинен чыкпайт. Документте бардык анализдер, тыянактар бар. Биз баяндамадагыдан башка кошумча эч кандай маалымат бере албайбыз», — деди Мюллер.

Ал ошондой эле мыйзамга ылайык, Юстиция департаменти аракеттеги президентти кылмышка айыптай албай турганын айтты.
Мюллер АКШдагы 2016-жылкы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишкендиги фактысы аныкталганын дагы бир жолу белгиледи. Бирок Траптын же анын айланасындагы адамдардын Орусия менен кызматташкандыгы тууралуу билдирүүлөр ырасталбаганын билдирди.
Атайын прокурордун териштирүүсү дээрлик эки жылга созулду. Бул аралыкта Мюллердин тобу жалпысынан 34 жеке жана эки юридикалык жакка 200дөн ашык айып таккан.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив