Президент Сооронбай Жээнбеков Германияны Кыргызстанда биргелешкен фито-санитардык жана ветеринардык лабораторияларды түзүүнү сунуш кылды
Улукбек Кочкоров: "Балага сүйүнчү" алуу үчүн арыз берген жарандар эртеси күнү эле акча каражаты түшкөндүгү тууралуу банктардан СМС-билдирүү алышууда"
Мирлан Дүйшөмбиев, журналист: "Президентибиз Германияда эне тилибизде сүйлөгөнү үчүн айрымдар тарабынан сынга алынып жатат"
Сооронбай Жээнбеков: "Мамлекетти белчесинен карызга батырган уурулукту жашыруу үчүн актанууга өтүштү"
С.Жэээнбеков: Все равны перед законом. Ошибаются те, кто думает оказать давление на власть, выведя народ на улицы
Бакыт ОРУНБЕКОВ, коомдук ишмер, саясый илимдердин кандидаты: “Мелис Мырзакматов “чоң калибрдеги” саясатчылардын бири”
Эмилбек Каптагаев: "Президент Сооронбай Жээнбековду Бабановго каршы ачык эле тукуруп жатышат"
Президенттин басма-сөз катчысы Толгонай Стамалиева Атамбавге жооп кайтарды
Алмазбек Акматалиев: "Атамбаев жашынып алып, чоң чыр, төңкөрүшкө даярданып жатат!"
АКШ Голан дөңсөөлөрүн Израилдин бир бөлүгү катары тааныды
Как Атамбаев попиарился на Аксыйских событиях и снова напомнил о себе
Кылдан кыйкым издеген жарабайт 
Издөө
» » Минск орус мунайынын транзитине тыюу саларын эскертти

Минск орус мунайынын транзитине тыюу саларын эскертти

12 апр 2019, 16:36    bishkek
Беларус “Дружба”  нефтитүтүгүнүн ремонтуна байланыштуу орус мунайынын транзитине тыюу салды. Бул тууралуу вице-премьер Игорь Петришенко президент Александр Лукашенконун кабыл алуусунан кийин билдирди.
Беларус министринин айтымында, адистер бир жарым жыл мурун эле жарым кылымдан ашык мөөнттөн бери кызмат өтөп жаткан мунайтүтүгүн ремонтко жабууну сурашкан. Бирок өнөктөштөрдү оңтойсуз абалда калтырбоо үчүн орус мунайынын транзитине чектөө киргизилген эмес. Азыркы чечимди вице-премьер экология жана “жашыл экономика” талаптары менен түшүндүрдү. Ремонт канча мөөнөткө созулары айтыла элек.
Буга чейин Беларус президенти Александр Лукашенко Орусия бир катар беларус товарларына эшигин жапканын санкцияларга теңеген. “Ал жакта такыр эле ашынып кетишип, биздин колубузду толгой башташты”, - деген беларус лидери. Лукашенко өкмөттү мунайтүтүгүн ремонтко жабууга жана орус тараптын кызыкчылыктарын эске албоого чакырган.
Орусиялык "Транснефть" компаниясы “Дружбанын” абалы канааттандырарлык экенин билдирди. Айрым түтүктөрдө кемчиликтер бар, бирок бул авариялык абал эмес. "Транснефть" ремонт ишинде беларус кесиптештерине жардам көрсөтүүгө даяр. Кремлден белгилешкендей, Москва менен Минск айрым маселелер боюнча бири-бирин толук түшүнбөй жатат, бирок Орусия санкция киргизген эмес.

10-апрелде Россельхознадзор жасалма фитосанитардык сертификаттардан улам беларус алмаларына жана алмуруттарына тыюу салган. Мекеме Украинадан азык-түлүк эмбаргосуна кабылган европалык товарлар келип жатканын да сынга алган.

скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив