Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » Ооганстандын Түркмөнстан менен чектешкен провинциясында эки жумадан бери салгылашуу жүрүп жатат

Ооганстандын Түркмөнстан менен чектешкен провинциясында эки жумадан бери салгылашуу жүрүп жатат

11 апр 2019, 14:25    bishkek
Ооганстандын түндүк-батышындагы Бадгис провинциясынын Абыкемри жана Бала-Мургаб райондорунда өкмөттүк күчтөр менен «Талибан» кыймылынын ортосунда айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатат. Бул райондор Түркмөнстандын чек арасына жакын жайгашкан.Маалыматтарга караганда, талибдер Бала-Мургаб районундагы полиция бөлүмү менен жергиликтүү базарды басып алып, Абыкемри районун толугу менен өз көзөмөлүнө алган. Мындан тышкары анда өкмөттүк имараттар өрттөлгөнү дагы кабарланууда.
Бадгис провинциясынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Абдул Эзиз Бег Бала-Мургаб районундагы полиция имараты толугу менен талкаланганын билдирди.
«Бул салгылашта полиция чоң жоготууларга учурады. Бизге полиция бөлүмүнүн короосунда каза болгон аскерлердин сөөктөрү жаткандыгы тууралуу кабарлар келип жатат. Бирок азырынча канча жоокердин өлгөнүн тактоого мүмкүн болбой жатат. Тирүү калгандары жакын жердеги аскердик базанын аймагына жашырынып калышкан», — деди ал.
Бала-Мургаб районунда эки жумадан бери салгылаштар токтобой келет. Район башчысынын айтымында, анын жыйынтыгында өткөн жумада эле 35 жоокер каза болгон.
Ал ортодо «Чечкиндүү колдоо» деп аталган эл аралык коалиция согушкерлердин аталган райондордогу позицияларына абадан сокку урду.
Ооганстандын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Абыкемри жана Бала-Мургаб райондорунда жоочуларга каршы аскердик операциялар башталганын билдирди. Анын айтымында, андагы өкмөттүк күчтөрдү өлкөнүн коргоо министринин орун басары Махаммет Ясын жетектөөдө.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив