Расул Умбеталив, коомдук ишмер: “Эгер Батукаевге жолдо кол салуу болуп, өлтүрүп кеткенде, Атамбаевдин баласын да өлтүрүп коюшмак”
Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Өлкөдө саясый абал өзгөрбөйт”
Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга 100 депутат макул болду
Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурунку мэри: «Атамбаевдин жанында тиги Фарид анан 3-4 кыз-келинден башка эч ким калган жок»
Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: «Экс-президент жɵн жаталбай, мамлекетти дүрбɵлɵңгɵ салып, 3-революция кылганга аракет кылып жатат»
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевдин коррпуциялык иштеринин зыяны мамлекетке 111 миллион долларлык зыянды түздү, буга 111 мектеп курсак болмок»
Экс-ажо тузакка ɵзү түшкɵнү калдыбы?
Депутат Төрөбай Зулпукаров көпүрө көйгөйүн жеке булактары аркылуу чечип, курулуш иши башталды
Экс-глава ГКНБ Идрис Кадыркуов: Слова Алмазбека Атамбаева можно расценивать как дестабилизирующий фактор
Издөө
» » Футбол чемпионатынын алдында Орусиядан 300 тажик мигрант мекенине кайткан

Футбол чемпионатынын алдында Орусиядан 300 тажик мигрант мекенине кайткан

01 июн 2018, 16:14    bishkek
Алдыдагы футбол боюнча дүйнө биринчилигинин алдында (май айында) кеминде 300 тажик мигранты өз эрктери менен Орусиядан чыгып кетишкен. Бул тууралуу орусиялык укук коргоочулар билдиришти.

Алардын көбүн патент мөөнөтү аяктап, узарта албай калгандар, ошондой эле чемпионат аяктаганга чейин Орусиядан убактылуу чыга турууну туура көргөн мигранттар түзөт.

Мигранттардын укуктарын коргоо уюмунун кызматкери Каримжон Ёров мекенине кайтканга чейин 300 мигрант алардын уюмуна укуктук кеңеш сурап кайрылганын айтты.

Анын айтымында, дүйнө биринчилигинин алдында текшерүүлөр күчөгөндүгүнө байланыштуу айрым орусиялык ишканалар мигрант жумушчуларды убактылуу иштен кетиришсе, башка мигранттардын патент мөөнөтү аяктап, узарта албай калышкан. Каримжон Ёров мындай мигранттарга жардам сунуштаган, бирок алар депортациядан коркуп, өз эрктери менен мекенине кайтышкан.
«Азыр текшерүүлөр күчөп, күн сайын мигранттардын кармалгандыгы тууралуу 15ке жакын телефон чалуулар болуп жатат. Ошондуктан айрым иш берүүчүлөр мигрант кызматкерлеринин бир нечесин убактылуу жумуштан кетиришкен.Мигранттар болсо бул убакытты мекенинде өткөрүүнү туура көрүшүүдө», - деди Ёров.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын беттештери 14-июндан 15-июлга чейин Москва, Санкт-Петербург, Волгоград, Екатеринбург, Казан, Калининград, Нижный Новгород, Ростов-на-Дону, Самара, Саранск жана Сочи шаарларында өтөт. Бул ири иш-чарага байланыштуу аталган шаарларда кошумча коопсуздук чаралары көрүлүүдө.

Буга чейин Тажикстандын Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлиги жарандарды 25-майдан 25-июлга чейин Орусиянын 11 шаарына барбай турууга чакырган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив