Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Пакистан абактагы 360 индиялыкты бошотот

Пакистан абактагы 360 индиялыкты бошотот

06 апр 2019, 12:31    bishkek
Пакистандын Тышкы иштер министрлиги өлкө жакынкы арада Араб деңизинде мыйзамсыз балык уулоого чыгып, кармалып калган 360 индиялыкты түрмөдөн бошоторун жарыялады.
5-апрелдеги билдирүүнү серепчилер өзөктүк куралы бар эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууну басаңдатуу аракети катары кабыл алышты. Индия менен Пакистандын мамилеси ушул жылдын февраль айында куралдуу кагылышуудан кийин начарлап кеткен.
"Пакистан түрмөдөгү 355 индиялык балыкчыны жана беш жаранды жаза мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу бошотот. Биз Индия өз ара ишенимди актайт деп ишенебиз", - деди Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Мохамман Файсал.
Акыркы маалыматка ылайык учурда Индиянын түрмөлөрүндө 347 пакистандык отурат. Алардын 98и балыкчылар.
Бир нече жылдардан бери тил табыша албай келген Пакистан менен Индия Араб деңизине балык уулоого чыккан бири-биринин балыкчыларынын кайыктарын туткунга түшүрүп, балыкчыларды түрмөгө камап келет. Алар кээде эле ушинтип эки өлкөнүн бийлиги ырайым көрсөткөндө гана кайра бошотулат.
Учурда Исламабад менен Нью-Делинин ортосундагы чыңалуу сакталып турат. Индия Пакистандын аймагындагы «террорчулардын лагерине» абадан сокку урганын 16-февралда жарыялаган. Буга 14-февралда Кашмирдеги 40тан ашык адамдын өмүрүн алган жанкечтинин жардыруусу түрткү болду. Пакистан Индия абадан чукул чабуул койгонун, андан алты киши, анын ичинде төрт бала жабыркаганын билдирген.
Британиянын үстөмдүгү аяктаган 1947-жылдан бери Пакистан менен Индия мусулмандар басымдуулук кылган аймактын айынан чатакташып келатышат. Кашмир кошуналар ортосунда бөлүнгөнү менен ар бири ал жерди толугу менен өзүнүкү деп эсептейт. Эки өлкө эгемендик алгандан бери Кашмир үчүн кеминде эки жолу согушкан.
"Азаттык"скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив