Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Петербург метросундагы терактка айыпталган Эрматов кыйноого алынганын билдирди

Петербург метросундагы терактка айыпталган Эрматов кыйноого алынганын билдирди

03 апр 2019, 15:43    bishkek
2017-жылы апрелде Санкт-Петербург метросунда болгон терактка тиешеси бар деп айыпталган Мухамадюсуп Эрматов Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) «жашыруун түрмөсүндө» кыйноого алынганын билдирди. Бул тууралуу «Медиазона» басылмасы Коомдук байкоочу комиссиянын мүчөсү Яна Теплицкаяга таянып жазды.
Эрматовдун айтымында, ал 2017-жылы апрелде кармалгандан кийин бир ай бою «жашыруун түрмөдө» камакта жаткан. Анын кармалгандыгы расмий түрдө май айында гана жарыяланган.
Эрматов анда колдору байланып, башына кап кийгизилген бойдон кармалып турганын билдирүүдө. Анын айтымында, ага карата электр тогун колдонуп, тамак-аш жана суу беришкен эмес.
Мурдараак ФСБнын «жашыруун түрмөсүндө» кыйноого алынгандыгын бул иш боюнча 11 айыпталуучунун бири Абром Азимов дагы билдирген.
2017-жылы 3-апрелде Санкт-Петербург метросунда жарылуу болгон. Анда жанкечти делген адам менен кошо 16 киши каза таап, 100дөн ашыгы жаракат алган. Тергөө жардырууну Кыргызстанда туулган 22 жаштагы Орусиянын жараны Акбаржон Жалилов жасаган деп эсептейт. Бул иш боюнча жалпысынан 11 киши айыпталуучу катары өтүп жатат. Учурда алардын баары тең камакта.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив