Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Издөө
» » АКШ Түркияга F-35 учактарынын жабдууларын жеткирүүнү токтотот

АКШ Түркияга F-35 учактарынын жабдууларын жеткирүүнү токтотот

03 апр 2019, 00:04    bishkek
АКШнын Коргоо министрлиги Вашингтон Түркияга F-35 үлгүсүндөгү учактар үчүн жабдууларды жеткирүүнү токтотконун билдирди. Анкара октябрда орусиялык С-400 зениттик-ракеталык комплекстерди сатып аларын жарыялаган. Пентагон буга каршы чыккан жана дал ушул ыкмада жооп кайтарды.
Түркия С-400 комплекстерин сатып алуу боюнча Орусия менен 2017-жылы эле келишимге кол койгон. Ошол эле учурда былтыр Анкара АКШдан Patriot комплекстерин үч жарым миллиард долларга сатып алган.
Буга чейин АКШ С-400 комплекстери НАТОго мүчө мамлекеттердин системаларына туура келбей турганын, Орусия альянстын биримдигин бузууга аракеттениши мүмкүндүгүн билдирген. Мындан тышкары Вашингтон Түркияга Patriot ракетага каршы комплексин берүү боюнча сунушун артка алышы мүмкүндүгүн маалымдаган.
АКШ менен НАТОнун өкүлдөрү Түркия Орусиянын аскер системаларына ээ болсо, Түндүк Атлантикалык Альянстын жашыруун технологиялары Москванын колуна тийип калышы ыктымал деп чочулашат.
Бирок түрк бийлиги америкалык зениттик-ракеталык комплекстер орусиялык С-400гө альтернатива боло албасын билдирген.
F-35 учактарынын запастык бөлүктөрүн жана эксплуатациялык документтерин жеткирүүнү токтотуу – Түркияга али келе эле учакты сатууну жокко чыгаруунун алгачкы кадамы болуп эсептелет. 28-мартта америкалык төрт сенатор Түркия орусиялык S-400 системасын албайт деген кепилдик болмоюнча ал өлкөгө F-35 үлгүсүндөгү учактарды сатууга тыюу салган жобону Сенаттын кароосуна киргизген.
АКШнын F-35 учактары боюнча чечими Түркия тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун ушул аптада Вашингтондо НАТО самитине катышуусун татаалдаштырат. Саммиттин алдында НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Альянс менен Орусиянын мамилеси күн тартибиндеги башкы тема болорун билдирген.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив