Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Издөө
» » Крымда ФСБ жыйырмадай крымдык татардын үйүндө тинтүү жүргүздү

Крымда ФСБ жыйырмадай крымдык татардын үйүндө тинтүү жүргүздү

28 мар 2019, 12:58    bishkek
Орусия тарабынан аннексияланган Крымда ФСБ, ИИМ жана Росгвардия кызматкерлери бир катар крымдык татарлардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүштү. Бул Орусияда тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" диний уюмунун катышы бар деп шектелген украин жарандарына каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында өттү.Бул тууралуу орусиялык басылмалар Орусия ФСБсынын Крым боюнча башкармалыгына таянуу менен билдиришти. Шектелгендердин саны жана алардын аты-жөнү айтылган жок. Маалыматтарга караганда, тинтүү дээрлик жыйырмадай үйдө жүргөн. Активисттер билдиргендей, Симферополдогу Каменка кичирайонундагы тинтүү жүргөн аймак Росгвардия тарабынан курчоого алынган. Ал жакта жашоочуларды үйлөрүнө киргизбей жатышат.
2014-жылдан бери 31 крымдык мусулман "Хизб ут-Тахрирге" тиешеси бар делинип куугунтукталган. Украинада бул уюмга тыюу салынган эмес. Орусия "Хизб ут-Тахрирди" 2003-жылы террордук уюм деп тааныган.
22-февралда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Крым боюнча башкармалыгы бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча "Хизб ут-Тахрир" уюмунун сегиз мүчөсүнө кылмыш ишин козгогон.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив