Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » АКШнын түштүк чек арасына дубал тургузүү үчүн бир миллиард доллар бөлүндү

АКШнын түштүк чек арасына дубал тургузүү үчүн бир миллиард доллар бөлүндү

27 мар 2019, 13:38    bishkek
АКШнын Коргоо министрлиги өлкөнүн түштүк чек араларын бекемдөө үчүн бир миллиард долларга жакын каражат бөлөт. Бул акча 90 чакырымга созулган 5 метр бийиктиктеги дубалдын курулушуна жана чек ара аймактарындагы жолдорду оңдоого жумшала турганы айтылууда.
Февралда АКШнын президенти Мексика менен чек арага өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Бул жарлык ага Конгрессти кыйгап өтүп, дубалдын курулушуна каражат алуу үчүн кошумча ыйгарым укуктарды берген.
Конгрессмендер угууларды Ак үйдүн кеңешчи-юристи Пэт Чиполлино менен Юстиция министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүүнү талап кылышкан. Анда алар өзгөчө абал киргизүү тууралуу Трамптын чечимине юридикалык жана каржылык негиздеме бериши керектиги айтылган.
Кийинерээк АКШнын 16 штаты президент Трамп менен анын администрациясындагы жогорку кызматтагы адамдарга каршы жамааттык доо арыз жазышкан. Алар президент Конгресстин каалоосуна карабастан, мыйзамсыз миграцияга байланышкан жасалма «каатчылык» шылтоосун пайдаланганын билдиришкен.
Буга чейин 2019-жылдын бюджетине байланыштуу президент Трамп менен Конгресстин ортосундагы талаш АКШнын тарыхындагы эң узак шатдаунга (өкмөттүн ишинин убактылуу токтошуна) алып келген. Ал тирештин жыйынтыгында Конгресстин Сенаты менен Өкүлдөр палатасы өкмөттүн бюджет долбоорун жактырган. Ага ылайык, чек арага дубал тургузууга 1,5 миллиард доллар бөлүнгөн. Дональд Трамп дубалдын курулушу үчүн алгач 5,7 миллиард доллар сураган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив