Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Издөө
» » Орусия Коргоо министрлиги Сирияда үч аскери мерт болгонун мойнуна алды

Орусия Коргоо министрлиги Сирияда үч аскери мерт болгонун мойнуна алды

26 мар 2019, 15:28    bishkek
Сирияда үч орусиялык аскер февралдын соңунда террористтер кол салгандан кийин мерт болгон. Алардын сөөгү Орусияга жеткирилди.
Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, үч аскер кызматкеринин жоголгону тууралуу маалымат түшкөндөн кийин аларды издөө боюнча тынымсыз иш жүргөн.
Кийинчерээк Аскердик-космос күчтөрүнүн биргелешкен операциясынын алкагында кол салууга катышы бар делген 30дан ашуун жоочу жок кылынган.
Орусия Сириядагы аскердик операциясын 2015-жылы күзүндө баштаган. Кийинки жылы жазында Владимир Путин “тапшырмалар ийгиликтүү аткарылгандан кийин” аскерлердин негизги бөлүгүн, 2017-жылы баарын чыгарып кетүү боюнча жарлыкка кол койгон. Расмий маалыматтар боюнча учурда ал жакта – Хмеймим менен Тартуста орусиялык аскерлерден турган атайын гарнизон жайгашкан.
Орусиялык аскерлерге ким кол салганы так белгисиз. Орусиянын Коргоо министрлиги “Ислам мамлекети” экстеримисттик тобун эле эмес башка топтордун мүчөлөрүн дагы “террорист” деп атайт.
Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий маалыматтары боюнча Сириядагы аскердик операциялар учурунда 40тан ашуун аскер кызматкери мерт болгон.
Дагы 50 киши аскердик эмес жоготуулардын катарына кирет, алардын арасында орусиялык учак жана тик учактар кыйраган учурда курман болгондор бар. Ошол эле маалда"ЧВК Вагнера" жеке аскердик компаниясы канча жалданма согушкеринен айрылганы белгисиз.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив