Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мэри: «Баардык ишканалардын техникаларын жаңылап берүү эң башкы максатыбыз...”
Шамиль Атаханов думал, что заключение под стражу – это путевка на курорт?
Президент Сооронбай Жээнбеков: Калкты таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири
Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорлору добуш берүүгө жолдонду
Жолборс ЖОРОБЕКОВ, саясый илимдердин доктору, профессор, экс-депутат: “Мелистин сыртта жүргөнү Кыргызстанга аброй алып келбейт”
Приятная новость для фемеров: сняты ограничения на ввоз сельхозпродукции
Кулматов менен Ибраимов «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган
Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан придает первостепенное значение вопросам дальнейшего углубления региональной интеграции в рамках ОДКБ
Эрктүүлүгү менен эл ишенимине ээ болгон президент жана кызматтан чегинген башкы чекист
Турсунбек Акун: "Батукаевди чыгаруунун башында Атамбаев өзү туруп, Данияр Нарынбаев көзөмөл кылган"
Азимбек Бекназаров: "Саясатта Матраимов “ноль”, жок адам"
Сооронбай Жээнбеков: Наша экологически чистая агропродукция конкурентоспособна на международном рынке
Издөө
» » Казакстан Улуттук фондунун тоңдурулган активдери боюнча иш Лондондо каралууда

Казакстан Улуттук фондунун тоңдурулган активдери боюнча иш Лондондо каралууда

14 мар 2019, 09:55    bishkek
Молдовалык инвестор Анатол Статинин Астанага каршы жазган доо арызы боюнча иш Лондон сотунда каралууда. Бул тууралуу Казакстандын юстиция министри Марат Бекетаев билдирди.
Министрдин айтымында, Улуттук фонддун алгач тоңдурулган 22 миллиард долларынын 21,5 миллиард доллары учурда «фондго кайтарылган».
«Эч кандай коркунуч жок. 21,5 миллиард доллар башка банкка которулуп, башка баалуу кагаздарга инвестицияланган. Азыр Казакстан алардан пайда көрүүдө. Калган 500 миллион доллар дале болсо Лондондогу New York Mellon банкында. Бирок алар үчүн дагы эч кандай коркунуч жок», — деп билдирди Бекетаев.
1-мартта Италия соту Казакстанды Статиге 500 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирген арбитраждык чечимди колдогон. Мындан тышкары сот казак бийлигин 120 миң евро (136 миң доллар) өлчөмүндөгү соттук чыгымдарды төлөөгө милдеттендирген. Бекетаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Италияда Казакстандын активдери жок экенин билдирди.
«Аталган соттун чечимдери ал өлкөнүн аймагына гана тиешелүү. Ал жакта биздин эч кандай активдерибиз жок. Болгону элчиликтин имараты бар. Статинин эмнеге италиялык сотко кайрылганы бизге түшүнүксүз болууда. Балким дал ушундай чечимди алуу үчүн болсо керек», — деди Бекетаев.
Казакстандын мунайгаз тармагына инвестиция салган Анатол Стати менен анын уулу Габриэль Стати казак бийлигинин активдерди аз акчага сатып алуу аракетинин курмандыгы болгонун айтып, келтирилген чыгымдарды өндүрүп берүүнү талап кылууда. Астана бул айыптоолорду четке кагып, Статинин өзүн алдамчылыкка күнөөлөп жатат.
2013-жылы декабрда Стокгольм Соода палатасынын алдындагы арбитраждык трибунал Статинин бул талаптарын жарым-жартылай канааттандырып, казак тарапты 500 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирген. Ишкер доо арызда көрсөткөн жалпы сумма төрт миллиард доллардан ашык.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив