Как Атамбаев попиарился на Аксыйских событиях и снова напомнил о себе
Кылдан кыйкым издеген жарабайт 
Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
В связи с чередой громких арестов приближенных Атамбаева, рейтинг последнего резко пошел вниз 
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди
Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
Издөө
» » Пекин «акырындык менен» Шинжаңдагы «кесипке үйрөтүү борборлорунан» баш тартышы мүмкүн

Пекин «акырындык менен» Шинжаңдагы «кесипке үйрөтүү борборлорунан» баш тартышы мүмкүн

14 мар 2019, 09:52    bishkek
Кытайдагы Шинжаң-Уйгур автоном облусунун төрагасы Шохрат Закир Пекин акырындык менен аймактагы «жарандарды кесипке үйрөтүүчү борборлордон» баш тартышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу Гонгонгдогу англис тилдүү South China Morning Post гезити жазды.
«Жалпысынан айтсам, андагы адамдар акырындык менен азаят. Кайсыл бир күнү ал борборлор коом үчүн керек болбой калганда жабылышы мүмкүн. Азыр ал жактагы адамдардын саны тез-тез өзгөрүп турат. Бирок буга чейин айтылгандай алардын саны миллиондон кыйла аз », — деди Закир.
Басылма белгилегендей, Шохрат Закир аталган борборлордун ачылышы убактылуу чара экенин айткан жогорку кызматтагы алгачкы кытай аткаминери болду.
Пекин Шинжаңдагы бул жайларды «билим берүү борборлору» деп атап, алардын жардамы менен «азчылыкты түзгөн улут өкүлдөрүн» коомго аралаштырып, «экстремизм жана терроризмге» каршы күрөшүп жатканын билдирип келет. Былтыр Бириккен Улуттар Уюмунун эксперттер тобу даярдаган баяндамада Кытайдын түндүк-батыш провинциясында «антиэкстремисттик борборлордо» миллионго жакын, мындан тышкары «саясий кайра тарбиялоо лагерлеринде» дагы миллион адам мажбурлап кармалып турганы жазылган.
Шинжаңда уйгур, казак, кыргыз өңдүү азчылыкты түзгөн улут өкүлдөрү жапырт кармалып, атайын түзүлгөн «саясий кайра тарбиялоо лагерлерине» жеткирилип жаткандыгы тууралуу маалыматтар 2017-жылдын ортосунда пайда боло баштаган.
Күбөлөр андагы шарттар өтө начар экенин жана ал жактарда эч кандай кесипке үйрөтүү жок экенин билдиришкен. Айрым күбөлөр борборлордо кыйноолор болорун да айтышкан. Укук коргоочулар «кайра тарбиялоо» лагерлеринин» максаты аталган улуттардын «иденттүүлүгүн талкалоо» деп эсептеп келишет.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив