Как Атамбаев попиарился на Аксыйских событиях и снова напомнил о себе
Кылдан кыйкым издеген жарабайт 
Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
В связи с чередой громких арестов приближенных Атамбаева, рейтинг последнего резко пошел вниз 
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди
Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
Издөө
» » АКШ адам укуктары боюнча жылдык баяндамасын жарыялады

АКШ адам укуктары боюнча жылдык баяндамасын жарыялады

14 мар 2019, 09:46    bishkek
АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу жылдык баяндамасын жарыялады. Быйыл анда негизги көңүл Кытайдын Шинжаң уйгур автоном аймагындагы уйгурлардын абалына бурулган.АКШ баш болгон Батыш өлкөлөрү менен укук коргоо уюмдары Кытай уйгурлар жана башка мусулман элдерин атайын лагерлерге камап, улуттук жана диний негизде тазалоо жүргүзүп жатканын белгилеп келишет.
Пекин болсо мындай аракетин экстремизмге каршы күрөш жүргүзүп жатканы менен түшүндүрүүдө. Кытай бийлиги ал лагерлерди кесиптик окуу борборлору деп атап, анда жарандар мамлекеттин мыйзамдарын билип, кытай тилин үйрөнүп чыгышарын билдирүүдө.
Буга чейин АКШ Мамлекеттик департаментинин башчысы Майк Помпео Вашингтон уйгурлардын укугун бузууга тиешеси бар кытайлык аткаминерлерге санкция киргизүү жолдорун караштырып жатканын айткан.
Баяндамада Орусияда өткөн былтыркы президенттик шайлоодо оппозициялык саясатчыларга талапкерлигин коюуга мүмкүнчүлүк берилбегени жазылган.
Ошондой эле анда аннексияланган Крымда адам укуктарынын абалы начарлаганы белгиленип, Украинанын чыгышындагы Орусиянын агрессивдүү аракеттерине көңүл бурулган. Баяндаманын авторлору байкоочулардын маалыматына таянып, орус бийлиги Донбасста украин жарандарын кармап, сотко өткөрүп бергенин жазышкан.
Баяндамада Чеченстандагы ЛГБТ-коомчулугунун өкүлдөрү сотсуз жазалоого кабылып жатканы белгиленип, орусиялыктар саясий жүйөдөн улам куугунтукка кабылып жатканы, үй бүлөдөгү зордук-зомбулук кылмыш катары каралбай калганы жазылган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив