Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Издөө
» » Министр өлкө аталышынан улам кызматтан кетти

Министр өлкө аталышынан улам кызматтан кетти

14 янв 2019, 19:54    bishkek
Скопье менен Афинынын ортосунда Македониянын аталышы боюнча жаралган талаш-тартыш уланып жатат. Жума күнү македон парламенти өз өлкөсүнүн аталышын "Түндүк Македония" деп өзгөртүүгө макул болду.
Анткен менен Грецияда айрым саясатчылар коңшу мамлекеттин аталышында "Македония" деген сөз такыр болбошу керектигин талап кылышууда.
Жекшембиде Грециянын коргоо министри Панос Камменос кызматтан кетерин жарыялады. Ал коңшу өлкөнүн жаңы аталышында "Македония" деген сөз такыр болбошу керек деген пикирде. Кызматтан кетүүсүнүн башкы себеби ушул экенин айткан Камменос өзү жетектеген "Көз карандысыз гректер" партиясынын өкмөттөгү өкүлдөрү да кызматтарын тапшырарын кошумчалады.

- Мен премьер-министр менен жолуктум. Биз көпкө сүйлөштүк. Төрт жыл ичинде биз бир өкмөттө иштедик. Саясий көз караштары бири-биринен караманча айырмаланган эки партия коалиция түзүп, өлкөнү кризистен алып чыктык. Биринчи максатыбыз ишке ашты. Македониянын аталышы миңдеген кишилердин өмүрүн алган. Бул үчүн мен кызматымда кала албайм, - деди " Көз карандысыз гректер" партиясынын лидери Панос Камменос.
Анын мындай чечиминен кийин Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас өкмөткө ишеним көрсөтүү боюнча сунушун парламентке добушка коюуну спикер Никос Вуцистен суранды. Ал өкмөт депутаттардын ишенимине ээ болуп, күзгө чейин өз ишин жыйынтыктоого мүмкүнчүлүк аларына үмүттөнөрүн кошумчалады:

- Мен Панос Каменностон жана башкалардан так чечимдерди жана так сүйлөшүүлөрдү талап кылдым. Ошондой эле мен Камменоско ушул жылдары бирге жетишкен иштерибиз үчүн эле эмес, коалицияга кошулганы үчүн да ыраазычылык билдирем. Бүгүн ал коргоо министри кызматынан кетерин жарыялап, өзүнүн партиясындагы министрлерди да иштен кетүүгө чакырарын билдирди. Мен анын отставкасын кабыл алдым. Башкалардыкын да кабыл алам.
Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас.13-январь, 2019-жыл.
Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас.13-январь, 2019-жыл.
Парламенттик шайлоо Грецияда ушул жылдын октябрь айына белгиленген.

Македон парламенти колдоду

Македония парламенти өткөн жума күнү өлкөнүн аталышын "Түндүк Македония" деп өзгөртүүгө макул болду. Добуш берүүгө катышкан 120 депутаттын 81и Баш мыйзамга киргизилген тиешелүү өзгөртүүнү колдошту. Оппозиция өкүлдөрү бул кадамды бойкоттоп, жыйынга барышкан жок. Мамлекеттин аталышын өзгөртүү тууралуу келишим аны Греция парламенти ратификациялаган соң күчүнө кирет. Өлкөнүн аталышын өзгөртүү боюнча маселе былтыр күзүндө өлкөдө жыйынтыгы кеңеш берүүчү мааниге ээ референдумга коюлган. Ага катышкандардын көбү жаңы аталышты колдошкону менен, калктын 50% азы гана добуш бергендиктен жалпысынан референдум өттү деп эсептелген эмес.
Германиянын канцлери Ангела Меркель жума күнү Афиныга барганда македон парламентинин чечимин толук колдорун ишара кылган.

Тарыхый макулдашуу

Македония менен Грециянын ортосундагы талаш Македония 1991-жылы Югославиянын курамынан чыккандан тартып башталган. Афины Грециянын түндүгүндө да Македония деген облус бар болгондуктан коңшусунан аталышын өзгөртүүнү талап кылып, ошондон улам Евробиримдикке жана НАТОго киришине тоскоолдук жаратып келген. Бир топко созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин июнь айында тараптар мунасага келишкен. Македониянын өкмөтү аталышын "Түндүк Македония" деп өзгөртүүгө макул болуп, ал эми Греция коңшусунун эл аралык уюмдарга кошулушуна бут тоспоого убада берген.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив