Эмилбек Каптагаев: Пристрастность Токтакунова налицо – он опубликовал фейк
Контрабандалык күйүүчү май ташып жүргөн Акылбек Маматов "Газпромдун" миллиарддык долбоорун аңдып жатабы?
Кто станет новым главой МИДа? - Гульмира Тыналиева
Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Издөө
» » Президент Юстиция министрлигине жаңы иликтөө өткөрүүнү тапшырды

Президент Юстиция министрлигине жаңы иликтөө өткөрүүнү тапшырды

22 май 2018, 15:39    bishkek
0 комментарий   
АКШ президенти Дональд Трамп дүйшөмбүдө башкы прокурордун орун басары Род Розенстай жана ФБРдин башчысы Кристофер Рэй менен жолугушту. Буга чейин президент өлкөнүн Юстиция министрлигинен ФБР шайлоо штабына өз тыңчысын киргизгенби деген сууроосуна жооп берүүнү талап кылган.

21-майда АКШ Юстиция министрлиги башкы инспекторго 2016-жылдагы президенттик шайлоого Орусиянын ыктымал кийлигишүүсүн иликтөө учурунда ФБРдин саясий мотивдери болгон-болбогонун иликтөөнү тапшырды.
Башкы прокурордун орун басары Род Розенстайн шайлоо штабынын мүчөлөрүн ыксыз көзөмөлдөсө, ага карата тиешелүү чара көрүлүшү керектигин билдирди.

19-майда Трамп ФБР жана Юстиция министрлиги шайлоо алдындагы штабына атайын кишисин киргизгенин айткан. Айрым маалыматтар боюнча тыңчылык милдетти британиялык Кембридж университетинин профессору, 73 жаштагы Стефан Халпер аткарган.
Барак Обаманын башкаруусу учурунда Коопсуздук кеңешинин курамында иштеген Нэд Прайс “Америка Үнүнө” Трамптын айыптоолору америкалык демократияга коркунуч жаратарын айткан.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы маалымат катчысы Томми Витор Твиттерге: “Бул – кызыл сызыктан өтүү. Трамп Юстиция министрлигин саясатташтырылган иликтөө жүргүзүүгө мажбурлоодо”, деп жазды.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;