Эмилбек Каптагаев: Пристрастность Токтакунова налицо – он опубликовал фейк
Контрабандалык күйүүчү май ташып жүргөн Акылбек Маматов "Газпромдун" миллиарддык долбоорун аңдып жатабы?
Кто станет новым главой МИДа? - Гульмира Тыналиева
Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Издөө
» » Тажикстан менен Беларус кызматташуу боюнча 15 документке кол койду

Тажикстан менен Беларус кызматташуу боюнча 15 документке кол койду

16 май 2018, 08:14    bishkek
0 комментарий   
15-майда Душанбеде Беларус жана Тажикстан президенттери мамлекет аралык жана мекеме аралык 15 документке кол коюшту, алардын арасында 2019-2020-жылдардагы эки тараптуу кызматташуу боюнча "жол картасы" да бар.

Тажикстан президентинин маалымат кызматы билдиргендей, “жол картасы” маанилүү тармактарда кызматташуу мүнөзүн аныктайт.
Беларус президенти Александр Лукашенко 14-майда Тажикстанга үч күндүк расмий сапар менен келген. Эмомали Рахмон менен Александр Лукашенко жолугушуп, соода-экономикалык кызматташуу, өндүрүш кооперацияларын өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана үчүнчү өлкөлөрдүн базарларында иш алып баруу боюнча макулдашты.

Тараптар терроризм, экстремизм, наркотрафик, мыйзамсыз курал сатууга каршы күрөшүүдө кызматташууну бекемдөө зарылдыгын белгилешти.
16-майда Душанбеде тажик-беларус бизнес-форуму өтөт, ага Ооганстандын ишкер адамдары да чакырылган. Ушул эле күнү Рахмон менен Лукашенко Беларустун Тажикстандагы улуттук көргөзмөсүн ачуу салтанатына катышат.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;