Эмилбек Каптагаев: Пристрастность Токтакунова налицо – он опубликовал фейк
Контрабандалык күйүүчү май ташып жүргөн Акылбек Маматов "Газпромдун" миллиарддык долбоорун аңдып жатабы?
Кто станет новым главой МИДа? - Гульмира Тыналиева
Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Издөө
» » Сириядагы оппозиция өкүлдөрү Астанадагы сүйлөшүүлөргө келди

Сириядагы оппозиция өкүлдөрү Астанадагы сүйлөшүүлөргө келди

15 май 2018, 14:36    bishkek
0 комментарий   
Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ануар Жайнаков Сириядагы куралдуу оппозициянын өкүлдөрү Астанага бүгүн келгенин билдирди. Анда Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча Орусия, Иран жана Түркиянын демилгеси менен башталган сүйлөшүүлөрдүн тогузунчу айлампасы өтүүдө.
«Бүгүн эртең менен Астанага Сириядагы куралдуу оппозициянын өкүлдөрү келишти. Жалпысынан 24 киши. Делегациянын башында Ахмад Тома турат», — деди Жайнаков.
Анын айтымында, пленардык жыйын бүгүн күндүн экинчи жарымында өтөт. Жайнаков кечээ Сирия боюнча Астанадагы сүйлөшүүлөр АКШ өкүлдөрүнүн катышуусусуз өтүп жатканын билдирген. Кошмо Штаттар буга чейинки жолугушууларга делегациясын дайыма жөнөтүп келген.
14-майда Орусия президентинин Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев Москва дале болсо Вашингтон сүйлөшүүлөргө катышат деп үмүттөнүп жатканын билдирген.
Сирияда Орусия менен Иран президент Башар Асаддын өкмөтүн колдойт. Кошмо Штаттар менен Түркия бийликке каршы чыккан козголоңчу топторду кубаттоодо. 2011-жылы мартта согуш башталгандан бери Сирияда 330 миңден ашык киши өлүп, миллиондогон адам качкынга айланды.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;