Араб жаштары биригип Кыргызстанга төрт мектеп курушат
«Его борьба». Президент Жээнбеков отвечает требованиям общества на антикоррупционные посадки
Президент Сооронбай Жээнбеков пожелал спортсменам-участникам Азиатских игр вернуться на Родину чемпионами
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Индии Сушму Сварадж в рамках ее официального визита в Кыргызстан 
Кто не построил «дворец»? История о 8,5 млрд сомов
«Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 
Председатель БГК Алмаз Кененбаев: «Кандидат в мэры Суракматов понимает весь груз ответственности, в случае своего избирания на пост мэра» 
Азиз Суракматов показал свои сильные человеческие качества
Мультимиллионеры могут отдыхать где угодно, а президент Жээнбеков – у себя на родине
Адвокат экс-мэра Кулматова вводит общественность в заблуждение утверждая, что его подзащитный не является гражданином России 
Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”
Издөө
» » Ферганада бажы кызматкерлерин мажбурлап көчө шыпыртышты

Ферганада бажы кызматкерлерин мажбурлап көчө шыпыртышты

15 май 2018, 08:59    bishkek
0 комментарий   
10-11-май күндөрү Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитетинин Фергана облустук бөлүмүнүн кызматкерлери көчө шыпырып, жол жээгиндеги арыктарды тазалап, бактарды акташты.

Облус акимчилигинин өкүлү билдиргендей, бажычылар, салыкчылар жана башка бюджетте иштеген кызматкерлер ишембиликке облус башчысынын буйругу менен чыгарылган.

«9-майда Фергананын башчысы Шухрат Ганиев облустук акимчиликте чоң жыйын өткөрдү. Ал президент Фергана облусуна келе турганын айтып, ар бир мекеменин жетекчилигине тазалоо үчүн тилкелерди бөлүп берди. Ошондой эле ишти так аткарбаган жетекчилер жумуштан алына турганын эскертти» – деди ал.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкерлердин бири бажы органында иштеп жатып көчө шыпыргандан уялганын айтты.
«Башчыбыздын буйругу менен арыктарды тазалап, көчө шыпырып, бактарды актап жатабыз. Баарынан да эгер кайсыл уюмдансыңар деп сурап калышса ыктыярчы активист экениңерди айткыла дегени кызык болууда. Ишембиликке формаларыбызды чечип, үйдөгү кийим менен келишибиз керектигин айтышты», — деди ал.

Фергана облусундагы бул окуя 11-майда, өзбек өкмөтү бюджеттик ишканаларда эмгектенгендерди мажбурлап иштетүүнү токтотуу тууралуу токтом чыгарган күнү болгон.

Токтомдо мамлекеттик кызматкерлер, ошондой эле мектеп окуучулары менен студенттер көчө шыпыруу же пахта терүү өңдүү иштерге мажбурлап тартылбашы керектиги жазылган. Андан тышкары документте мамлекеттик органдар, анын ичинде Башкы прокуратура менен Эмгек министрлиги мындай практиканы токтотуу үчүн тиешелүү чараларды көрүшү керектиги белгиленген.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;