Араб жаштары биригип Кыргызстанга төрт мектеп курушат
«Его борьба». Президент Жээнбеков отвечает требованиям общества на антикоррупционные посадки
Президент Сооронбай Жээнбеков пожелал спортсменам-участникам Азиатских игр вернуться на Родину чемпионами
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Индии Сушму Сварадж в рамках ее официального визита в Кыргызстан 
Кто не построил «дворец»? История о 8,5 млрд сомов
«Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 
Председатель БГК Алмаз Кененбаев: «Кандидат в мэры Суракматов понимает весь груз ответственности, в случае своего избирания на пост мэра» 
Азиз Суракматов показал свои сильные человеческие качества
Мультимиллионеры могут отдыхать где угодно, а президент Жээнбеков – у себя на родине
Адвокат экс-мэра Кулматова вводит общественность в заблуждение утверждая, что его подзащитный не является гражданином России 
Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”
Издөө
» » Мамдумада «антиорусиялык санкцияларды» аткаргандарды жазалоо сунушталууда

Мамдумада «антиорусиялык санкцияларды» аткаргандарды жазалоо сунушталууда

14 май 2018, 19:54    bishkek
0 комментарий   
Мамлекеттик думанын кароосуна Орусия аймагында чет өлкөлүк санкцияларды аткаргандарга карата эркинен ажыратуу жазасын сунуштаган мыйзам долбоору келип түштү. Долбоор Мамлекеттик думанын сайтына жарыяланды.

Мыйзам долбооруна ылайык, «антиорусиялык санкциялардын» негизинде кызмат көрсөтүүдөн же орусиялык компаниялар жана жарандар менен келишим түзүүдөн баш тарткан тараптар 600 миң рубль өлчөмүндө айып пул төлөп же төрт жылга чейин эркинен ажыратылат.
Орусиялык жеке жана коомдук субъектилерге карата чектөө чараларынын киргизилишине себеп болчу маалыматтар менен сунуштамаларды берүү үчүн мыйзам чыгаруучулар 500 миң рублге чейин айып пул төлөтүү, төрт жылга чейин эркинен ажыратуу же мажбурлап иштетүү жазаларын сунушташууда.

Мыйзам долбоору Федералдык жыйындын жогорку жана төмөнкү палаталарынын төрагалары, парламенттеги бардык төрт партиянын лидерлери жана Мамдуманын вице-спикерлери тарабынан демилгеленген.
Мамдуманын кароосунда ошондой эле «АКШ санкцияларына каршы» мыйзам долбоору дагы бар. Анда Кошмо Штаттардын орусиялык компанияларга, ишкерлерге жана аткаминерлерге каршы киргизген санкцияларына жооп чаралар сунушталган.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;