Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
В связи с чередой громких арестов приближенных Атамбаева, рейтинг последнего резко пошел вниз 
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди
Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Издөө
» » Иран компаниясы Өзбекстанда айдоочусунун кармалышы боюнча Европа сотуна кайрылды

Иран компаниясы Өзбекстанда айдоочусунун кармалышы боюнча Европа сотуна кайрылды

14 ноя 2018, 10:04    bishkek
0 комментарий   
Ирандын «Рахравон-Хорасан» деп аталган логистикалык компаниясынын 30 жаштагы айдоочусу Хусейн Али Жавани 6-октябрдан бери Анжиянда камакта отурат. Компания өкүлдөрү бир айдан бери кызматкери тууралуу эч кандай маалымат ала албай жаткандыктарын билдиришүүдө.
«13-октябрдан кийин айдоочубуздун абалы боюнча эч кандай маалымат ала алган жокпуз – анын өлүү-тирүү экендиги, кыйноолорго кабылган-кабылбагандыгы белгисиз. Бул боюнча биз Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылалы деп чечтик», — деди компаниянын жетекчиси Мухаммад Али Важд.
Адвоват Камбар Юсупов ирандык айдоочу менен бир ай мурда Анжиян ИИБсинин тергөө абагында жолукканын билдирди.
– Жавани менен 13-октябрда жолуккам. Ошондон бери ал тууралуу эч кандай маалыматым жок. Ал 7-октябрда Анжияндагы «Достук» чек ара бекетинде кармалганын айткан. Бирок мага берилген документтерде анын 12-октябрда кармалганы жазылган. Демек, ал бир жума бою мыйзамсыз кармалып турган, – деди адвокат.
Анын айтымында, Хусейн Али Жавани ирандык компаниянын Кыргызстандагы кампасына телевизорлорду алып бараткан.
– Анын автоунаасы менен жүгү өзбек чек арачылары тарабынан камакка алынган. Анда телевизорлор болгон. Тергөөчү унаадагы телевизорлордун үлгүлөрү документте көрсөтүлгөндөрү менен туура келбегенин билдирди. Мындай болгондо айдоочуну сот башталганга чейин күрөөгө бошотсо болот эле. Аны 40 күн камакта кармоо мыйзамсыз болуп эсептелет, – деди адвокат.
Өзбекстандын Башкы прокуратурасынан учурда өлкө аймагында ирандык айдоочунун укуктары бузулган-бузулбагандыгы текшерилип жатканын билдиришти.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;