Араб жаштары биригип Кыргызстанга төрт мектеп курушат
«Его борьба». Президент Жээнбеков отвечает требованиям общества на антикоррупционные посадки
Президент Сооронбай Жээнбеков пожелал спортсменам-участникам Азиатских игр вернуться на Родину чемпионами
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Индии Сушму Сварадж в рамках ее официального визита в Кыргызстан 
Кто не построил «дворец»? История о 8,5 млрд сомов
«Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 
Председатель БГК Алмаз Кененбаев: «Кандидат в мэры Суракматов понимает весь груз ответственности, в случае своего избирания на пост мэра» 
Азиз Суракматов показал свои сильные человеческие качества
Мультимиллионеры могут отдыхать где угодно, а президент Жээнбеков – у себя на родине
Адвокат экс-мэра Кулматова вводит общественность в заблуждение утверждая, что его подзащитный не является гражданином России 
Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”
Издөө
» » Өзбекстанда дагы бир укук коргоочу эркиндикке чыкты

Өзбекстанда дагы бир укук коргоочу эркиндикке чыкты

14 май 2018, 08:57    bishkek
0 комментарий   
12-майда оппозициялык маанайдагы Өзбекстан улуттук кыймылынын активисти Фахриддин Тилляев мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкты. Өлкөнүн ичинде жана сыртында мигранттардын укуктарын коргоо менен алектенген активист 2014-жылы «адам сатууга» айыпталып 11 жылга соттолгон.

Фахриддин Тилляев Жогорку соттун чечими менен мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулганын айтты. «Мага абактан чыга турганымды айтышып, соттун чечимин көрсөтүштү. Тиешелүү документтерге кол койгондон кийин эркиндикке чыктым», – деди ал.
2014-жылы мартта Ташкенттеги райондук сот Фахриддин Тилляевди 10 жыл 8 айга, аны менен бирге соттолгон укук коргоочу Нуриддин Жуманиязовду 8 жыл 3 айга эркинен ажыраткан. Сот экөөнү тең адам сатууга күнөөлүү деп тапкан. 2016-жылы декабрда Нуриддин Жуманиязов абакта каза болгон.

Кесиптештери Тилляевге тагылган айыптар ойдон чыгарылганын билдирип, ал саясий ишмердүүлүгү үчүн жазаланганын айтып келишет. Эл аралык укук коргоо уюмдары ал түрмөдө катаал кыйноолорго кабылганын билдиришкен.

– Мени сотко чейин кыйнашкан. Андан кийин мындай аракеттер абакта дагы уланды. Мисалы, тырмактарымдын алдына ийне сайып, суукта жылаңачтап сыртка чыгарып, башыман ылдый суздак суу куюшчу. Мен абакта өткөргөн күндөрүмө өкүнөм. Анткени алар эркиндигим менен кошо мени бардык нерседен ажыратышты..., – деди Тилляев абактан чыккандан кийин.

Ал мындан ары дагы укук коргоочулук менен алектене турганын айтты. «Мен өз уюмумда ишимди улантууну каалайм. Динге ишенгендердин, адилетсиз соттолгондордун укуктарын коргоп, сотторго катышкым келет», — деди укук коргоочу.
Камалганга чейин Фахриддин Тилляев менен Нуриддин Жуманиязов көз карандысыз мандикерлер кесиптик кошуунун түзүп, эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо менен алектенишкен.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;