Араб жаштары биригип Кыргызстанга төрт мектеп курушат
«Его борьба». Президент Жээнбеков отвечает требованиям общества на антикоррупционные посадки
Президент Сооронбай Жээнбеков пожелал спортсменам-участникам Азиатских игр вернуться на Родину чемпионами
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Индии Сушму Сварадж в рамках ее официального визита в Кыргызстан 
Кто не построил «дворец»? История о 8,5 млрд сомов
«Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 
Председатель БГК Алмаз Кененбаев: «Кандидат в мэры Суракматов понимает весь груз ответственности, в случае своего избирания на пост мэра» 
Азиз Суракматов показал свои сильные человеческие качества
Мультимиллионеры могут отдыхать где угодно, а президент Жээнбеков – у себя на родине
Адвокат экс-мэра Кулматова вводит общественность в заблуждение утверждая, что его подзащитный не является гражданином России 
Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”
Издөө
» » Чеченстанда Путиндин мөөнөтүн узартууну сунушташууда

Чеченстанда Путиндин мөөнөтүн узартууну сунушташууда

10 май 2018, 08:54    bishkek
0 комментарий   
Чеченстан парламенти Путиндин үч мөөнөт катары менен Орусия президенти болушуна жол ачып, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Мамдумага мыйзам долбоорун сунуштоого даяр.

Күн мурун бул маселе Парламент Кеңешинде талкууланды. “Аталган мыйзам долбоору Чечен Ресубликасынын башчысы, Орусия Баатыры Рамзан Ахматович Кадыров мамлекет башчынын ыйгарым укуктарын узартууну демилгелегенден кийин иштелип чыкты”, – деп айтылат мыйзам долбоорунун түшүндүрмө катында.

Мыйзам долбоору парламенттин жакынкы жыйынында каралары пландалууда.
Апрелде Кадыров азыркы президент Владимир Путинге атаандаш боло турган киши жок экенин билдирип, анын бийликтеги мөөнөтүн чектөөнүн зарылдыгы жок экенин айткан.

"Мыйзамды ким ойлоп табат? Конституцияны ким кабыл алат? Эл! Эгер элдин кызыкчылыгы үчүн керек болсо, эмне үчүн өзгөртүү киргизе албайбыз. Мен өзүмдүн атымдан айтып жатам: Путинден суроонун кереги жок! Федерация Кеңеши, Мамдума, башка мамлекеттик институттар чечим кабыл алууну демилгелеп, кол чогултуп, жалпы элдик референдумга алып чыгуу керек", – деген Кадыров.
Владимир Путин 2000-жылдан бери Орусия бийлигинен түшө элек. 2000-жылы майда президент болуп шайланып, бул кызматта эки мөөнөт катары менен отурган. Андан кийин премьер министр болуп, 2012-жылы кайрадан президенттикке аттанган. Конституциядагы Орусия жараны эки мөөнөттөн ашык президент боло албайт деген талаптан улам "өкмөт башчылык тыныгууга" барган. Путиндин башкаруусу учурунда президенттин мөөнөтү алты жылга узартылган жана саясатчы 2018-жылы төртүнчү жолу шайлоого катышкан. Мыйзам боюнча Путин 2024-жылга чейин президент болот.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;