Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Как безграмотный Манас Арабаев управлял судьями КР? 
Бишкек мэриясы Фучик паркындагы жер тилкелерин муниципалдык менчикке кайтарууда 
Кыргызстанда үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары старт алды - ФОТО
Президент Сооронбай Жээнбеков встретился с Президентом Казахстана Нурсултаном Назарбаевым
Кыргызстан Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган тар курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү
Депутат Сагындык Келдибаевдин “россиялык” экени тастыкталды
Президент, который всегда с народом
Издөө
» » Трамп АКШдагы шайлоого кийлигишкендерге санкция киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду

Трамп АКШдагы шайлоого кийлигишкендерге санкция киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду

13 сен 2018, 10:31    bishkek
0 комментарий   
АКШнын президенти Дональд Трамп 2016-жылдагы америкалык шайлоого кийлигишкен жеке адамдар менен компанияларга каршы санкция киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтонго шилтеме кылып Reuters агенттиги жазды.
Санкциялар АКШнын чалгын кызматтары берген маалыматтардын негизинде өлкөнүн Каржы министрлиги менен Мамлекеттик департаменти тарабынан киргизилет. Санкциялык тизмеге кирген юридикалык жана жеке тараптардын америкалык активдери тоңдурулат. Мындан тышкары алардын Кошмо Штаттардын каржы мекемелерине жетүү мүмкүндүктөрү чектелип, америкалык жарандардын тизмедеги компанияларга инвестиция кылуусуна тыюу салынат.
Буга чейин Трамп шайлоого кийлигишүүлөр тууралуу чектөөлөрдүн өз вариантын даярдап жаткан америкалык мыйзам чыгаруучулардан озуп, санкциялар тууралуу жарлыкка кол кое турганы кабарланган. Айрым ЖМКлар Ак үй мындай жол менен Трампты америкалык шайлоо системасын коргоого тийиштүү көңүл бурбай жатат деп сындагандарга жооп бере турганын жазышкан. 
Вашингтон АКШдагы 2016-жылкы президенттик шайлоого жана алдыдагы Конгресске боло турган кыска мөөнөттүү шайлоолорго кийлигишүүгө аракеттенип жатат деп Орусияны айыптап келет. Москва бардык айыптоолорду четке кагууда.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;