Categories

Олжобай Каратаев, профессор: Төрөбай Зулпукаров тарых факультетинде окуган, экзаменди мен алгам

Тарых илиминин доктору, профессор Олжобай Каратаев УКМКнын тергөө абагында отурган депутат Төрөбай Зулпукаровдун дипломуна байланыштуу комментарий берди.
Каратаев Зулпукаров Улуттук университеттин тарых факультетинин аралыктан окуу бөлүмүнө 1995-жылы тапшырганын, кабыл алуу экзаменин алганын айтты.

«Ал учурда Улуттук университеттин тарых факультетинин аралыктан окуу бөлүмүндө милицияда иштегендер, аскерде жүргөндөр же дагы башка жакта иштегендер көп эле. Төрөбай Зулпукаров да алардын катарында эле окууга тапшырган. Андан экзаменди мен алгам.
Жыйынтыгында буйрук чыгып окуп жүрдү. Аралыктан окуган студенттер бир жыл ичинде 15 күндөн эки жолу келип окуп кетишчү. Зулпукаров экзаменден кийин мени менен таанышып, мамилебиз жакшы болуп калгандыктан келген сайын учурашып турат эле. Бирок үчүнчү курстан окуудан четтетилип калганы боюнча кабарым болгон эмес. Себеби тынбай келип, окуу корпуста эле жүрчү», — деди Каратаев.

 
Categories

“Биздин Кыргызстан” партиясы Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине талапкерлердин тизмесин бекитти


Бүгүн, 12-июнда Бишкекте «Биздин Кыргызстан» жаңы саясий партиясынын конференциясы болуп, анда Бишкек шаардык кеңешин шайлоого талапкерлердин тизмеси бекитилди. Талапкерлердин арасында тажрыйбалуу саясатчылар дагы, жаш, ийгиликтүү адистер — жаңы жүздөр дагы бар.
Конференциянын жүрүшүндө партиянын «Жаратмандар жолу» — шаарларды өнүктүрүү программасы сунушталды.
Партиянын негиздөөчүсү жана лидери Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов. Ал өз сөзүндө биздин Кыргызстанда тез арада чечилиши керек болгон бир катар көйгөйлөр бар экендигин белгиледи. » Мамлекетибиздин гүлдөп-өнүгүүсүн камсыздоо — биздин тарых жана келечек муундардын алдындагы ыйык парзыбыз», — деди А.Осмонов.
Конференцияга белгилүү инсандар жана саясатчылар дагы чакырылган. Алар “Биздин Кыргызстан” жаңы саясий партиясына ийгилик каалашты.
Ушундай эле партиянын конференциясы бүгүн Ош шаарында өттү. Иш-чараны партиянын Ош бөлүмүнүн лидери Медер Абдыманапов ачып берди. Конференциянын жүрүшүндө Ош шаардык кеңешке талапкерлердин тизмеси бекитилди. 

 
Categories

СИЗОдон кат: «Мен Жараткандын алдында акмын!» — Т.Зулпукаров

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун кайрылуусу:

Ассалому Алейкум Урматтуу элим.

Акыркы күндөрү мага коюлуп жаткан айыптар боюнча сиздерге кайрылууну туура көрдүм.

Мен 2010-жылдан баштап Жогорку Кеӊештин депутаты болдум. Өзүмдүн элиме, мен депутаттыка койгон Ноокат районундагы шайлоочуларыма тереӊ ыраазычылык билдирем. Мен 10 жылдан ашуун депутат болуп иштегениме өкүнбөймүн.  Негизги депутаттын милдетттерин так аткарууга аракет кылдым. Мыйзам чыгарууда жана мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөдө менин ишмердүүлүгүмө жалпы кыргыз эли күбө. Ошондой эл өкүлүнүн милдетин аткарууда, бир канча мечиттерди, медреселерди, мектептерди, бала-бакчаларды, ФАПтарды бюджеттен, кайрымдуулук фонддор, ашар жолу менен жана бир туугандарым менен куруп бердик.

Кайрымдуулук фонддордун иштөө багытын, социалдык объекттерге өзгөчө көӊүл буруу үчүн бурдук. Катар, Сауд Арабия Королдугу, Араб Эмираттарында жана Марокко, Кувейт мамлекеттеринде болуп кайрымдуулук фонддору менен тыгыз байланышта жалпы мамлекетибизде курулуп жаткан социалдык объектилердин курулушуна себепчи болдук.  Бул жумуштардын баары элге жагынуу багытында эмес, Жараткандын ыраазычылыгын издеп жасадык десем жаӊылышпаймын. Ушул иштердин бирөөсү Жараткандын алдында кабыл болуп калса мен үчүн, менин акыретим үчүн, өтүп кеткен ата-энем үчүн эӊ чоӊ ийгилик.

Мыйзам чыгарууда кээ бир тармактарга өзгөчө көӊүл буруп, көп эле душман ашырыптырмын. Ар түрдүү коркутуу, соцсеттер аркылуу жалган жалаалар дайыма мага карата катуу болду. Мен баарын Кудайга койдум! Башка саясатчыларга окшоп бир да журналистке жамандап бирөөдөн заказ кылганым жок. Фейк аккаунт ачып бирөөлөрдүн акылына киргим келген жок. Анткени акырет бар экенине ишенип, Жараткандын каарынан корком. Бул дүйнө түбөлүктүү эмес экенине толук ишенем. Өзүмдүн баракчамда дайыма позитив маалыматтарга эле орун берем. Бирок акыркы мага коюлуп жаткан айыптарды карап туруп таӊ калдым. «Кумтөр» ишканасы боюнча бир да тиешем жок. Мен Кумтөрдө иштеген кызматкерлерди тааныбаймын. «Кумтөр» боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын Жогорку Кеӊеште каралып жаткан учурда, бир да ооз эки жана кагаз түрүндө сунуш да бербептирмин. Эгер мыйзам иштесе мага карата мындай чечим чыгышы мүмкүн эмес эле.
Сабыр кылып мыйзамдуу акыйкат чечим чыгышын күтүп туралы. Жалган жалаанын өмүрү кыска, аны баарыбыз түшүнүп турабыз. Элибиздин алдында жүзүбүз жарык.
Менин ишим боюнча каралып, чечим чыгарып жаткан тиешелүү адамдарга ыйман, адилеттүүлүктү Жараткандын алдында тилеймин.
Чек ара, тышкы саясат, бюджеттин тартыштыгы болуп жаткан азыркы учурда мыйзамдуулукту сактап, бир муштумдай биригип кырдаалдан чыгуу керек.
Мамлекетибиз тынчтыкта, элибиз амандыкта болсун!

Төрөбай Зулпукаров.

 
Categories

Кумтөр эми кыргыз элинин пайдасына иштеши керек!

Кыргызстан эгемендик алгандан бери канадалык инвестор менен келишим түзүлүп, Кумтөр алтын кенин чет элдиктер өзү каалагандай иштетип келет.
Ар дайым анын накта пайдасын чет элдиктер жана бийликтеги бир ууч топ көрүп келген.
Ошол эле маалда алтынды казып жатканда экологиялык нормалар болушунча бузулуп, мөңгүлөр талкаланып, анын кесепетин канчалаган жылдарга чейин кыргыз эли жана келечек муун урпактарыбыз тартат.
Жок дегенде калган-каткан алтынды өзүбүз иштетип, элибизге аз да болсо пайдасы тийсин.
Бүгүн Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү иликтеп жаткан мамлекеттик комиссиянын жыйыны өтүп, анда текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча маалымат берилди. Комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров ишкана Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде иштөөсү керек экенин белгилеп, жалпысынан «Кумтөр Голд» 4 миллиард 952,8 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айтты. Мунун 3 миллиард 501 миллион доллары негизги сумма, калганы туум жана санкция:
«Жалпысынан бул сумманы далилдесе болот деп эсептейбиз. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча бул акча милдеттүү түрдө төлөнүшү керек болчу. Салык төлөмдөрүн, айыппулдарды ар кандай түшүнүксүз фонддорго айырбаштоо тажрыйбасы токтотулушу керек. Мындан ары «Кумтөр Голд» биздин салык мыйзамдарыбыз менен иштөөсү, биздин биринчи кезекте экология жана адамдардын коопсуздугу боюнча мыйзамдарыбызды бузбоосу зарыл», дейт Жапаров. Мындан тышкары Жапаров ишкана боюнча маселени чечүүнүн үч жолу сунушталып жатканын айтты.


“Эл аралык сотко биз даярданып жатабыз. Биринчи Кыргызстандын соттору, юристтер менен бүт далилдердин баарын алып, эгер алар эл аралык сотко барса, балким, биз алардан биринчи сотко беришибиз керек. Биз барганда утулабыз дебей, биринчи өзүбүздун соттордун баарын бүтүрүп, далилдерибиз менен барганда утабыз деп, эгер утпай калсак утулуп калышыбыз мүмкүндүгүн эске алып, экөөнүн ортосунда сүйлөшүү процесси же тынчтык келишими бар деген үч жолду көрсөтүп жатабыз парламентке. Мурунку президенттер жана өкмөт башчылары “Эл аралык сотко барсак эле утулабыз, ошондуктан барбай эле коелу” деген бүтүмдөрдү эмненин негизинде чыгарганын таба албай койдук”, дейт. Ошону менен комиссия “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтырууну сунуш кылып жатат.
26 жылдан бери Centerra сөзсүз түрдөгү, салык катары болгону $1 млрд 750 млн 818 миң төлөгөн. Калган көрсөтүлүп жаткан сандар бул жөн гана манипуляция экени, компаниянын сайтында өзгөчө төлөмдөр боюнча толук эмес маалымат жайгашканы айтылды.
Анысы аз келгенсип, улам кийинки келген өкмөт башчылар экологиялык зыян боюнча коюлган сумманы толук төлөтпөстөн, ар кандай фонд ж.б. түзүү шылтоосу менен башында белгиленген суммадан кыйла аз акча каражатын төлөтүүгө жол ачып беришкен. Мисалы, Сапар Исаков менен Темир Сариевдин ушундай иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекет $438 млндон кол жууган. Жалпысынан 2013-2020-жылдар аралыгында Өкмөттүн чечимдеринин айынан мамлекет

438 млн. АКШ доллардан айрылган. Ал эми бул долбоордун Кыргызстанда 2009-жылдан 2021-жылга чейинки аралыкта Кыргызстандын Центеррадагы үлүшү 33,3 %дан 26,1%га чейин кыскарган. Жоготкон акциялардын үлүшү 7,2% же жоготкон пайда 100,7 млн доллар түзгөн. Кыскасы, комиссия толгон-токой бузууларды, Кыргызстандын кызыкчылыктарынын корголбошун, өкмөттөрдүн, комиссиялардын мамлекеттин кызыкчылыктарын тебелеп-тепсешин, тиешелүү көзөмөл, кызыкчылыктарды талашуу болбогонун, көп каржылык маалыматтардын жашырылып берилбей келгенин аныктап чыгыптыр.
Бул башталган ишти аталган комиссия жана мамлекет сөзсүз аягына чыгышы керек.
Ал үчүн коомчулук — журналисттер, коомдук ишмерлер, укук коргоочулар, саясатчылар кыска ой жүгүртүү менен жеке пайда көрүштү ойлонбой — бардыгы жапа тырмак бул жасалып жаткан иштерди колдоп бериши керек.
Өз кендерибизге, жерибиздин байлыктарына өзүбүз ээлик кыла турган убакыт келди.
Ал эми буга чейин Кумтөрдөн түшпөй калган каражаттарга күнөөлүү чиновниктерге кылмыш иштери козголуп, алардан ордун толуктоону талап кылыш керек!