Categories

Мигранттар Төрөбай Зулпукаровдун боштондугун талап кылып президентке кайрылышты

КРнын президенттиС.Н.ЖапаровгоКРнын башкы прокуроруК.Т.ЗулушевгеКРнын УКМК торагасыК.К.Ташиевге Кайрылуу кат!.. Урматтуу өлкө башчылары! Сиздерге сый, ишеним менен кайрылуу жөнөтүп жатабыз! Биз Россиянын Ростов на Дону шаарындагы кыргыз ынтымагы биримдиги, аксакалдар коому, бизнес чөйрөсүндөгү жана жалпы мекендештердин атынан; ушул жерде он жылга жакын бирге жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун түшүнүксүз абалда тергөөгө алынышы тынчсыздандырат жана ойлондурат!Зулпукаров бөтөн элде жүрүп

 
Categories

Олжобай Каратаев, профессор: Төрөбай Зулпукаров тарых факультетинде окуган, экзаменди мен алгам

Тарых илиминин доктору, профессор Олжобай Каратаев УКМКнын тергөө абагында отурган депутат Төрөбай Зулпукаровдун дипломуна байланыштуу комментарий берди.
Каратаев Зулпукаров Улуттук университеттин тарых факультетинин аралыктан окуу бөлүмүнө 1995-жылы тапшырганын, кабыл алуу экзаменин алганын айтты.

«Ал учурда Улуттук университеттин тарых факультетинин аралыктан окуу бөлүмүндө милицияда иштегендер, аскерде жүргөндөр же дагы башка жакта иштегендер көп эле. Төрөбай Зулпукаров да алардын катарында эле окууга тапшырган. Андан экзаменди мен алгам.
Жыйынтыгында буйрук чыгып окуп жүрдү. Аралыктан окуган студенттер бир жыл ичинде 15 күндөн эки жолу келип окуп кетишчү. Зулпукаров экзаменден кийин мени менен таанышып, мамилебиз жакшы болуп калгандыктан келген сайын учурашып турат эле. Бирок үчүнчү курстан окуудан четтетилип калганы боюнча кабарым болгон эмес. Себеби тынбай келип, окуу корпуста эле жүрчү», — деди Каратаев.

 
Categories

Кумтор. Садыр Жапаров останется в истории

На фоне сегодняшней нехватки воды в стране особенно должен остро стоять вопрос бережного хранения наших ледников. Это наше богатство, разрушение и халатное отношение к которым потомки нам никогда не простят. Тем более, что эксперты в один лад утверждают, что в будущем вода станет дороже золота.

В этом плане отрадно, что наша страна потребовала от канадской компании на Кумторе возместить ущерб от разрушенных ледников, которые хранили в себе миллиарды кубов воды. При этом нынешний президент Жапаров ещё в 2012 году неоднократно заявлял об экологических нарушениях канадцев, но коррумпированные власти и депутаты не только не слушали его, но и подвергли его политическим преследованиям.


Есть мнение, что природа зачастую мстит нам за ее разрушение. Как бы это фантастически не звучало, но не удивлюсь, если приход нынешнего президента возжелала сама природа. Так как если бы сегодня мы не остановили канадцев, то они бы и дальше продолжали губить нашу природу. Так что хотя бы за то, что продолжил свою борьбу против коррупции и за экологию на Кумторе Садыр Жапаров точно останется в истории.

 
Categories

“Биздин Кыргызстан” партиясы Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине талапкерлердин тизмесин бекитти


Бүгүн, 12-июнда Бишкекте «Биздин Кыргызстан» жаңы саясий партиясынын конференциясы болуп, анда Бишкек шаардык кеңешин шайлоого талапкерлердин тизмеси бекитилди. Талапкерлердин арасында тажрыйбалуу саясатчылар дагы, жаш, ийгиликтүү адистер — жаңы жүздөр дагы бар.
Конференциянын жүрүшүндө партиянын «Жаратмандар жолу» — шаарларды өнүктүрүү программасы сунушталды.
Партиянын негиздөөчүсү жана лидери Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов. Ал өз сөзүндө биздин Кыргызстанда тез арада чечилиши керек болгон бир катар көйгөйлөр бар экендигин белгиледи. » Мамлекетибиздин гүлдөп-өнүгүүсүн камсыздоо — биздин тарых жана келечек муундардын алдындагы ыйык парзыбыз», — деди А.Осмонов.
Конференцияга белгилүү инсандар жана саясатчылар дагы чакырылган. Алар “Биздин Кыргызстан” жаңы саясий партиясына ийгилик каалашты.
Ушундай эле партиянын конференциясы бүгүн Ош шаарында өттү. Иш-чараны партиянын Ош бөлүмүнүн лидери Медер Абдыманапов ачып берди. Конференциянын жүрүшүндө Ош шаардык кеңешке талапкерлердин тизмеси бекитилди. 

 
Categories

УКМК: «Кумтөр» иши боюнча мурдагы жогорку кызмат адамдарын кармоо улантылууда

Мурда маалымдалгандай, ведомстволор аралык тергөө тобу «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун ар кандай баскычтарында коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантууда.
Тергөө иш-аракеттеринин натыйжалары боюнча жана сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 9-июнунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) боюнча каралган кылмыш белгилеринин негизинде Президент А.Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Нарымбаев, ошондой эле өлкө парламентинин экс-депутаты А.Батырбековдорго кылмышка шектүү жөнүндө билдирүү берилген.
Ошол эле күнү Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту аталган адамдарга карата тергөө аяктаганга чейин камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралды.
Ошондой эле, аталган кылмышка шектүү деген билдирүү Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Молдошевага жиберилди. Бирок анын үй-бүлөлүк абалын жана жашы жете элек балдары бар экендигин эске алуу менен, ага чет жака чыкпоо жөнүндө тил кат түрүндө баш коргоо чарасы тандалды.

 
Categories

СИЗОдон кат: «Мен Жараткандын алдында акмын!» — Т.Зулпукаров

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун кайрылуусу:

Ассалому Алейкум Урматтуу элим.

Акыркы күндөрү мага коюлуп жаткан айыптар боюнча сиздерге кайрылууну туура көрдүм.

Мен 2010-жылдан баштап Жогорку Кеӊештин депутаты болдум. Өзүмдүн элиме, мен депутаттыка койгон Ноокат районундагы шайлоочуларыма тереӊ ыраазычылык билдирем. Мен 10 жылдан ашуун депутат болуп иштегениме өкүнбөймүн.  Негизги депутаттын милдетттерин так аткарууга аракет кылдым. Мыйзам чыгарууда жана мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөдө менин ишмердүүлүгүмө жалпы кыргыз эли күбө. Ошондой эл өкүлүнүн милдетин аткарууда, бир канча мечиттерди, медреселерди, мектептерди, бала-бакчаларды, ФАПтарды бюджеттен, кайрымдуулук фонддор, ашар жолу менен жана бир туугандарым менен куруп бердик.

Кайрымдуулук фонддордун иштөө багытын, социалдык объекттерге өзгөчө көӊүл буруу үчүн бурдук. Катар, Сауд Арабия Королдугу, Араб Эмираттарында жана Марокко, Кувейт мамлекеттеринде болуп кайрымдуулук фонддору менен тыгыз байланышта жалпы мамлекетибизде курулуп жаткан социалдык объектилердин курулушуна себепчи болдук.  Бул жумуштардын баары элге жагынуу багытында эмес, Жараткандын ыраазычылыгын издеп жасадык десем жаӊылышпаймын. Ушул иштердин бирөөсү Жараткандын алдында кабыл болуп калса мен үчүн, менин акыретим үчүн, өтүп кеткен ата-энем үчүн эӊ чоӊ ийгилик.

Мыйзам чыгарууда кээ бир тармактарга өзгөчө көӊүл буруп, көп эле душман ашырыптырмын. Ар түрдүү коркутуу, соцсеттер аркылуу жалган жалаалар дайыма мага карата катуу болду. Мен баарын Кудайга койдум! Башка саясатчыларга окшоп бир да журналистке жамандап бирөөдөн заказ кылганым жок. Фейк аккаунт ачып бирөөлөрдүн акылына киргим келген жок. Анткени акырет бар экенине ишенип, Жараткандын каарынан корком. Бул дүйнө түбөлүктүү эмес экенине толук ишенем. Өзүмдүн баракчамда дайыма позитив маалыматтарга эле орун берем. Бирок акыркы мага коюлуп жаткан айыптарды карап туруп таӊ калдым. «Кумтөр» ишканасы боюнча бир да тиешем жок. Мен Кумтөрдө иштеген кызматкерлерди тааныбаймын. «Кумтөр» боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын Жогорку Кеӊеште каралып жаткан учурда, бир да ооз эки жана кагаз түрүндө сунуш да бербептирмин. Эгер мыйзам иштесе мага карата мындай чечим чыгышы мүмкүн эмес эле.
Сабыр кылып мыйзамдуу акыйкат чечим чыгышын күтүп туралы. Жалган жалаанын өмүрү кыска, аны баарыбыз түшүнүп турабыз. Элибиздин алдында жүзүбүз жарык.
Менин ишим боюнча каралып, чечим чыгарып жаткан тиешелүү адамдарга ыйман, адилеттүүлүктү Жараткандын алдында тилеймин.
Чек ара, тышкы саясат, бюджеттин тартыштыгы болуп жаткан азыркы учурда мыйзамдуулукту сактап, бир муштумдай биригип кырдаалдан чыгуу керек.
Мамлекетибиз тынчтыкта, элибиз амандыкта болсун!

Төрөбай Зулпукаров.

 
Categories

“Жерүй” Кыргызстандын бюджетине биринчи кирешелерди алып келе баштады

Өндүрүш башталгандан кийин, “Жерүй” Кыргызстандын бюджетине ай сайынкы төлөмдөрдү көбөйтүүнү улантууда – май айында, “Альянс Алтын” иштеп чыгуучу компаниясынан төлөмдөрдүн негизги үч түрү боюнча дагы 219,7 миллион сом келип түштү. Апрелде төлөнгөн 140 миллион сомду (өндүрүш башталгандан кийинки биринчи айда) эске алганда, эки айда эле төлөмдөрдүн көлөмү 360 миллион сомго жетти.

Май айында “Альянс Алтын” компаниясы 3-июнда киреше салыгы боюнча төлөмдөрдү өз убагында которуп, гонорар төлөп, инфраструктураны өнүктүрүүгө каражат которду:

● 142 млн 814 миң сом киреше салыгын 2021-жылдын май айында төлөгөн (апрель айына салыштырмалуу +57,4 млн сом)
● Алтынды сатуудан түшкөн роялти үчүн 54 миллион 928 миң сом төлөндү (апрелге чейин +15,5 миллион сом)
● 21 млн 971 миң сом жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр болду (апрелге чейин +6,2 млн сом)

Мындан тышкары, Альянс Алтын компаниясы башка милдеттүү төлөмдөрдү республикалык бюджетке жана жергиликтүү бюджетке жана башка мамлекеттик мекемелерге өз убагында төлөп келген. Ошентип, жыл башынан бери компаниянын кызматкерлеринин келечектеги пенсияларын түзүү үчүн Кыргызстандын Социалдык фондуна дээрлик 55 миллион сом камсыздандыруу төгүмдөрү которулган. Бюджетке киреше салыгы боюнча төлөмдөр болжол менен 13 миллион сомду түздү. Геологиялык лицензия үчүн 5 миллион сомдон ашык төлөнгөн. Машиналар менен жабдууларды импорттоодо “Альянс Алтын” дээрлик 4 миллион сомго бажы салыгын жана салыктарын төлөгөн. 2021-жылдын башынан бери жер салыгын төлөө болжол менен 1 миллион сомду түздү. Ушул жана башка төлөмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына так ылайык жүргүзүлдү.

Жерүй кени боюнча бардык төлөмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынарын эске алыңыз. Каражаттарды бөлүштүрүү жана алардын сарпталышын көзөмөлдөө Кыргызстандын өкмөтүнүн деңгээлинде жүргүзүлөт. Бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдалануу боюнча жергиликтүү бийлик аткаруучулардын ролун аткарат.

Жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү жана тейлөө үчүн салымдар кирешенин 2% түздү. Мыйзамдарга ылайык, бул каражаттар үч фонддун ортосунда бөлүштүрүлөт: 50% региондорду өнүктүрүү фондуна, 30% – региондорду өнүктүрүү фондуна, 20% – кен чыккан жердеги жергиликтүү бюджеттерге.

Биринчи миллиард

Эске салсак, Жерүй кенинде алтын өндүрүү башталганга чейин – 2015-жылдан 2021-жылдын март айына чейин – “Альянс Алтын” ишканасынан бюджеттик жана социалдык чегерүүлөрдүн көлөмү, өндүрүштөн иш жүзүндө киреше жоктугуна карабастан, 923 млн.

Негизги иш башталгандан кийинки алгачкы төлөмдөрдү эске алганда – башкача айтканда, апрель айында 140 миллион сом жана май айында 220 миллион сом – иштеп чыгуучу компаниянын өлкө бюджетине төлөмдөрү 1 миллиард сомдон ашып, 1 миллиард 329 миллион сомду түздү .

Мындан тышкары, “Альянс Алтын” компаниясы 600 миллион сомду Бакубат Талас фондуна бөлүп берген, ал Талас облусундагы социалдык долбоорлорду каржылайт жана чакан жана орто бизнес үчүн төмөн пайыздык чендер менен жеткиликтүү насыяларды берет.

Жалпысынан Жерүй кенин иштетүүдөн мамлекеттик бюджетке (республикалык + жергиликтүү) жыл сайын 4 миллиард сомго чейин салык жана башка чегерүүлөр түшөт.

Булак: Vestı.kg

 
Categories

«Кумтөрдү өзүбүзгө кайтарып алсак 30 жылдык эгемендүүлүктөгү эң чоң утушубуз болот»


Кыргызстандын туңгуч президенти Акаев өлкөгө башчы болуп шайланганы чу дегенде Кумтөрдү чет өлкөлүктөрдө кармата салган. Албетте, ал бул үчүн алардан болуп көрбөгөндөй чоң суммадагы акчалай ыраазычылык алган. Жалгыз эмес, жанында жандаган жан-жөкөрлөрү менен жасаганы жашыруун эмес. Көрсө биз ошондо эле эрге кыйшык отурган экенбиз. 30 жылдан бери 5 ирет бийлик алмашып, 6 ирет парламент жаңыланды. Алтын менен күмүштү күпүлдөтө казып, акчага көмүлгөн чет элдик ишкерлер биздин кендин даамын татып алып, кыргыз тарап кайра өздөрүнө өткөрүп албасынын айласын издеп ар бир келген өлкө башчы,өкмөт башчы ал тургай депутаттарга чейин 50 млндон 150 млн долларга чейин пара берип турушкан. Албетте бул сумма алар үчүн эч канча эмес акча болчу. Себеби алар биздин жерибизди казып, мөңгүлөрүбүздү ээритип, эгин суугарган агын сууларыбызга иштетилген адамга өтө зыяндуу калдыктарды куюп каалаганын кылышканына карабай алтын-күмүштү тонналап казып,чет жака сатып болуп көрбөгөндөй акча таап турушкан. Кыңк этип баш көтөргөн жандын оозун американын жашыл долларлары менен басып койгон. Ал тургай ишкананын кара жумуштарында иштеген жергиликтүү тургундардын арасынан кызмат учурунда кокустуктан улам каза тапкандардын убалынан коркпостон акча менен жакындарынын оозун жап кылып отурган. Адам өмүрү кыйылганына карабай бир ирет да кылмыш иши ачылбаганы буга далил.
Айтор 30 жылдан бери бизди болушунча тоноп, урпагыбызга чейин жете турган кен-байлыгызды ташып бүткөнү аз келгенсип, акчаны көргөндө атасын сатууга даяр болгон эл башчыларыбызды акчага сатып алып, кыргыз элинин аброюна шек келтиришти. Экологиябызды булгап, эчен жылдык суу запасыбызды жок кылышты. Ушунун баарын оз көзү менен көрүп-билип туруп акча алып,ооз ача албай келген чоңдорубузга наалат. Ошолорду башкарып туруп, жемкорлордун башчысы болуп миллиондорду алган президенттерди элдин кусуру урсун.
Азыркы президент Садыр Жапаров 2012-жылдан бери Кумтөрдөгү мыйзам бузууларды айтып зар какшап келген маалым. Чет элдиктердин акчасына тойгон ошол кездеги мамлекет башчылар бул инсандын оозун жабыш үчүн акча сунуштап да, айласы кеткенде камап да көрүштү. Кыргызга күйгөн уул бар экен, минтип ажо болуп шайланып алтын кенди өзүбүзгө кайтарып алуу канчалык опурталдуу болгонуна карабай, бир кезде баштаган ишин улантып,айткан сөзүнө туруп чоң ишке киришти. Бул процесс канчалык оор жана опурталдуу болгонуна карабай, өзүбүзгө өткөрүп алсак эгемендүүлүк алган 30 жылдагы жасаган эн бир чоң утушубуз болмок. Келечек урпактарыбызга калтыра турган чоң камылгабыз болмок

 
Categories

Аксы РИИБдин кызматкери ардактуу эс алууга узатылды

Аксы РИИБдин өздүк курамы милициянын майору Талантбек Кожобековду  ардактуу эс алууга узатышты. РИИБдин начальниги милициянын полковниги А.Мырзамамытов ардагерге өтөгөн кызматы кызматы үчүн ыраазычылык айтып, сый белектерди тапшырды. Кызматкерлердин атынан ага бекем ден соолук каалашып, ардактуу эс алууда сый-урматтын үстүндө болуусун тилешти.

Ошондой эле А.Мырзамамытов Аксы РИИБдин 2 ардагерине КРнын ИИМдин “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбилейлик медалын тапшырды. Алардын милицияда иштеген жылдарда топтогон зор тажрыйбаларын жаш кызматкерлер менен бөлүшүүгө чакырды.

Мындан сырткары Аксы РИИБдин жетекчилиги балдар үйүнө барышып, камкордукка алынган балдарга белектерди тапшырышты.  Ошондой эле акчалай колдоо көрсөтүп, мындан ары да балдар ар дайым камкордукка алынаарын белгилешти.

 
Categories

«Кумтөр Голд Компани» ишканасында жашыруун ишеним телефону ачылат

«Кумтөр Голд Компани» ишканасында жашыруун ишеним телефону ачылат

Мындай маалыматты «Центерра» компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү, «Кумтөр Голд Компани» ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүк маалымдады.

“Мага компаниянын же болбосо айрым кызматкерлердин ар кайсы аракеттерине көптөгөн нааразычылыктар түшүп жатат.
Ошондуктан «Кумтөр Голд Компани» ишканасында жашыруун ишеним телефону ачылат, ага компаниянын кызматкерлери, өнөктөштөрү, жеткирүүчүлөрү жана башка жактар мүмкүн болгон бардык бузуулар тууралуу билдирүү үчүн кайрыла алышат. Бул кызмат үчүнчү жак тарабынан башкарылышы мүмкүн.

Ишеним телефон байланышы 24 саат, 7 күн бою жеткиликтүү болот. Бул линия ачылганда, бул жөнүндө толук маалыматты өзүнчө жарыялайбыз.

Ишеним телефону коррупция маселелери боюнча билдирүүлөрдү кабыл алуу үчүн жана жалпысынан адилеттүүлүк принциптерине ылайык келбеген жана бузууга байланыштуу болгон ар кандай жагдай жөнүндө колдонулушу мүмкүн. Мындай билдирүүлөр менен иштегенде купуялуулук сакталат. Көйгөйлөр тууралуу маалымдаган адамдардын укуктарын коргоосуна кепилдик беребиз. Келген чалуулар да жашыруун болушу мүмкүн. Бирок, муну менен бирге, жалган же адаштыруучу маалыматты атайылап берүүгө жол берилбейт»-дейт ал.