Равшан Жээнбеков, саясатчы: “Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда Атамбаевдей көпкөн, жалганчы президентти көрө албадым”
Тимур Саралаев: "Президент менен жолугушууда трайбализм темасын көтөрдүм, ал "кимдер экенин билем" деп жооп берди..."
Когда слова не расходятся с делом
Албек Ибраимов камакка алынды: 200 кыймылсыз мүлк объектиси бар, анын көбүнө 2010-жылдан кийин ээлик кылган
Пока есть жизнь, есть надежда
Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өлкө башчылары баштаган кадыр-барктуу коноктор келиши күтүлүүдө 
Таалайбек Сарыбашев: Мы изменим Ош к лучшему за 2 года
За последние 8 лет Албек Ибраимов стал владельцем порядка 150 объектов недвижимости
Албек Ибраимов 2010-жылдан 2016-жылга чейин жалпысынан 150 кыймылсыз мүлк обьектисине ээлик кылып калган
Улуттук тарых музейин реконструкциялоо Атамбаевдин хан сарайын бүткөрүү үчүн жүргүзүлгөнбү?
Памирдеги кыргыздардын башчысы болуп Ажыбуту Абдилгани шайланышы мүмкүн
Албек Ибраимов айылдаштарынын 33 гектар жерин тосуп алып, өзүнө үй салып жатат - ФОТО
Издөө
» » Адилет Айтикеев: “Таластыктар четте калды дегенин окуп зээним кейиди, качан жердешчилдиктен көтөрүлөбүз туугандар?”

Адилет Айтикеев: “Таластыктар четте калды дегенин окуп зээним кейиди, качан жердешчилдиктен көтөрүлөбүз туугандар?”

23 апр 2018, 00:45    bishkek
1 комментарий   
Белгилүү журналист Адилет Айтикеев жаӊы түзүлгөн Өкмөт курамына нааразы болуп, ар кайсыны айтып жаткан таластык жердештерине кайрылуу кылды:

Бөлүнбөйлү!

Бир нече күндөн бери "Таластыктар четте калды", "Таластыктар революция жасаганда эле керекпи?", "Кенекеев жакшы иштеп жатты эле кокуй" деген сыяктуу сөздөрдү атуу-баштуу, сакалдуу эле ага эжелер айтып, жазып жатканын окуп, көрүп кайра зээним кейип баштады.
Туугандар! Жердешчилик оорусунан качан көтөрүлөбүз? Кенекеев эмне кыйратты айткылачы? 2011-жылы өкмөттүн 60 пайызын таластыктар ээлеп отурганда деле башкалар унчукпай отурду эле го? Ошондо ал азаматтар силердин казаныңарга аш салып бердиби? Бул кызмат деген ушундай нерсе экен. Бүгүн бар эртең жок.

Мына, кечээги президенттик шайлоодо башка региондон чыккан азаматтар кабагым-кашым дебестен, жердешчиликке карабай, жерибей эле Таластан чыккан Бабановду колдоп, бийликтин басым-кысымына карабай бардык облустар өтө жогорку деңгээлде колдоо көрсөтүштү. Мына ошонун негизинде оппозициядан чыккан талапкер тарыхтагы рекорддук добушту алды.
Учурунда Турдакун Усубалиев аксакал бийликте турган кезде (мен аксакалды өтө сыйлайм, бирок факты деген өжөр нерсе экен) Талас облусунан 24 жыл ичинде бир дагы министр чыккан эмес. Себебин өзүңөр жакшы билесиңер. Бирок ошондо таластыктардын тиричилиги өтпөй калды беле?

Кеп кайсы бир региондон чыккан аткаминерде эмес, алардын жасаган ишинин натыйжасында. Бүгүн өлкөбүздүн бардык тармагына чечкиндүү реформалар керек. Убакыт өтүп жатат. Ал бизди күтпөйт экен. Ошондуктан өз балабыздын бийликке барганына же четте калганына эмес, өлкөбүздүн артта калганына, кедей жашаганыбызга арданалы!,-дейт журналист А.Айтикеев.

Эскертке кетсек, Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков өкмөт курамында бир дагы таластык жок экен деп айгай салган болчу. Интернетте Момбековду коштоп айрым журналисттер дагы жердешчилдик жик жараткан посторду калтырыпбаштаган.
скачать dle 12.0

Maalymat.kg



Бакир от 23 апреля 2018 01:13
Туура айттын Адилет,достуктун, туугандыктын, жердештиктин оз орду бар. Мамлекеттин тагдырын чече турган адамдарды кайсы жерден болгондугуна карабай чечуучу кызмат орундарына коюу керек.Карапайым эл баарын байкап отурат,кайсы депутаттын кайсы мамлекеттик кызматкерлердин денгээлдери (билимдик, адистик, деги эле адамдык) канчалык экенин. Эгерде Президент, Жогорку кенеш, Окмот биринчи тазаланып алып туруп, андан кийин бийик-бийик максаттарды коюп аракеттенбесе,айтылган создор, жазылгапр программалар жон эле гап (кеп). Бирок убакыт кутпойт. Азыркы бийликтегилер менен алыска барыш кыйыныраак...
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;