Кто станет новым главой МИДа? - Гульмира Тыналиева
Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Издөө
» » Манас Саматов: “Ааламдагы ар бир кыргыздын тилин сыйлап, батырып, сиңирип кабыл алганга үйрөнүшүбүз керек”

Манас Саматов: “Ааламдагы ар бир кыргыздын тилин сыйлап, батырып, сиңирип кабыл алганга үйрөнүшүбүз керек”

12 июн 2018, 10:02    bishkek
0 комментарий   
Манас Саматов аке, менин кыргыз тили жана анын өзгөчөлүктөрү боюнча жазган постума төмөнкүдөй комментарий калтырыптыр:

Эне тилибизди заманга, доорго жараша эл-аралык илимий-техникалык терминдер менен, саясий, социалдык кубулуштарды, адам сапатынын жаңы ченемдерин чагылдырган жаңы сөздөр менен байытуу, өнүктүрүү динамикасын жемиштүү нукка буруп келечекти көздөй тынымсыз жүрүш жасап баруу керектигин дайыма көңүлдө тутканыбыз макул. Унутулган, четте калган диалекттер камтыган сөздөрдү, провинциалдык-колхоздук көз караш аркылуу бөлүп карап өгөйлөштүн ордуна, түгөнбөс тил булагы катары караган мамилеге, жаңы маңыздагы тил маданиятына көчкөнүбүз, жаңы Кыргыз Улутун курууга (Nation-building) бет алганыбыз дурус. Тил – улуттун өзөгү. Ар бир айылдын, кыштактын тил өзгөчөлүктөрүн сактап калууга умтулганыбыз жакшы. Баарыбыздын тамырыбыз айылдарда, тоо-талааларыбызда. Ааламдагы ар бир кыргыздын тилин сыйлап, батырып, сиңирип кабыл алганга үйрөнүшүбүз керек. Ошондуктан адабий кыргыз тили деген түшүнүктү калыптанып бүткөн доомат катары кабыл алышыбыз туура эмес.

Кыргыз тили – өздөрүн кыргызмын же кыргыздын урпактарымын деп тааныган Ала-Тоо кыргыздарына, Эне-Сай кыргыздарына, Алтай кыргыздарына, Саха кыргыздарына, Хакас кыргыздарына, Башкырт кыргыздарына, Тыва кыргыздарына, Анжиян кыргыздарына, Кокон кыргыздарына, Самаркан кыргыздарына, Жыззак кыргыздарына, Кызыл-Суу, Керме-Тоо, Кашгар, Или, Лопнур, Тарбагатай, Шор, Фу-йүй кыргыздарына, Кара-Тегин, Жерге-Тал, Памир, Кыпчак, Шумер кыргыздарына таандык ар түрдүү диалекттердин сөз байлыктарын камтыган мааниде жана дүйнөлүк кең мейкиндикте өз ара баарлашуу куралы катары колдонулуп келген жалпы кыргыздардын тарыхый эне тили болуп эсептелинет.

Адилет Айтикеевскачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;