Араб жаштары биригип Кыргызстанга төрт мектеп курушат
«Его борьба». Президент Жээнбеков отвечает требованиям общества на антикоррупционные посадки
Президент Сооронбай Жээнбеков пожелал спортсменам-участникам Азиатских игр вернуться на Родину чемпионами
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Индии Сушму Сварадж в рамках ее официального визита в Кыргызстан 
Кто не построил «дворец»? История о 8,5 млрд сомов
«Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 
Председатель БГК Алмаз Кененбаев: «Кандидат в мэры Суракматов понимает весь груз ответственности, в случае своего избирания на пост мэра» 
Азиз Суракматов показал свои сильные человеческие качества
Мультимиллионеры могут отдыхать где угодно, а президент Жээнбеков – у себя на родине
Адвокат экс-мэра Кулматова вводит общественность в заблуждение утверждая, что его подзащитный не является гражданином России 
Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”
Издөө
» » Коррупция менен күрөшүүдө дүйнө мамлекеттери менен Кыргызстан кандайча айырмаланып турат? 

Коррупция менен күрөшүүдө дүйнө мамлекеттери менен Кыргызстан кандайча айырмаланып турат? 

29 май 2018, 12:35    bishkek
0 комментарий   
Бүгүнкү күндө дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө бийликтин жогорку эшелонунда толук масштабдагы коррупция менен күрөшүү кампаниясы жүрүп атканын көрүп турабыз. Бул кадам өтө олуттуу жүрүп жана андай мыйзамга каршы аракеттер көпчүлүк учурда тергөөнүн жыйынтыгы менен жоопкерчиликке тартуу менен аяктоодо. Ошол эле убакта коррупция үчүн соттун чечими чыкканга чейин эле камакка алган мисалдар да бар.

Мисалы, учурда дүйнөлүк коомчулуктун көңүлү Малайзияга бурулуп турат. Ал жакта коррупция менен күрөшүү Комиссиясы мурдагы премьер-министр Наджиб Разакты эки ирет суракка алды. Ага байланыштуу имараттарды тинтүүдө баалуу буюмдар жана 30 млн. АКШ долларынын тегерегинде акча табылган. Эми Малайзиялык коррупция менен күрөшүү боюнча органдары бир нече жума мурун эле мамлекеттеги эң жогорку кызматты ээлеп турган Разактын күнөөсүн далилдөөгө аракет кылууда.

        «Мен баардыгыбыз сыяктуу эле Наджиб Разакты биздин мурдагы премьер-министрибиз катары сыйлайм жана биздин териштирүүдө өч алуу сезими жок экендигине, баардыгы мыйзамга ылайык боло тургандыгына ишендирип кетем», - деп билдирген Куала-Лумпурда өткөн маалымат жыйынында антикоррупциялык комиссиянын башчысы Мохд Шукри Абдул. Ушул сыяктуу эле коррупция менен катаал күрөштүн мисалын Армениядан көрсөк болот. Ал жакта премьер-министрлик кызматка жаңыдан гана келген Никола Пашинян мыйзам баардык коррупционерлерге, алтургай анын үй-бүлө мүчөлөрү болсо дагы эч кимге жан тартпаган, калыс боло тургандыгын билдирди.
Буга чейин ММК булактарында Армениянын улуттук коопсуздук кызматынын директору Артур Ванецян мыйзамсыз байып алуу жана коррупция менен күрөштү баштоо ниети бар экенин билдиргенин жазып чыгышкан. «Ведомство жетекчиси бул багыттагы конкреттүү кадамдар 23-майдан кийин жасала турганын билдирди», - деп жазылат Sputnikтин маалыматында.
Анан 25-майда Армениянын улуттук коопсуздук кызматы жүктөрдү бажыда каттоодо коррупциялык схемалар жана көптөгөн миллиондук салык милдеттенмелери төлөнбөгөн фактылар ачылганын билдирди. Ошондой эле 10дон ашуун тинтүүлөр жүргөнүн, «Норфолк Консалтинг» компаниясынын директорунун кеңсесинен жана үйүнөн 500 миң доллар, банктык карталар алынганын билдирет.

Болжолдуу анализдөөлөргө караганда, 2017-жылдын 1-августунан 2018-жылдын 1-майына чейин «Норфок Консалтинг» жүк ташуу менен алектенген компания 37,6 млн АКШ доллары налган. Анын 26,4 млну Арменияга киргизилген товарлардын растаможкасы үчүн, ал эми 11,2 млн доллары чарбалык субьектилерге көрсөтүлгөн кызмат үчүн алынган. Бирок, бул сумманын баары салык документтерине киргизилген эмес. Ошондо компания мамлекеттик бюджетке 7 млн АКШ долларын төлөгөн эмес болуп чыккан.

Коңшулаш Кытайда 2018-жылдын апрелинде 6 миң чиновник бюджеттик каражатка ысырапкорчулук кылганы үчүн административдик жазага тартылган.
Кытайда коррупцияга каршы ири масштабдагы күрөш 2012-жылдын ноябрында Си Цзиньпин Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комиссиясына генералдык катчы жана 2013-жылдын мартында КЭРге төрага болуп келгенден тарта башталган. КПК нын Борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча дисциплинаны текшерүүдө акыркы 5 жылда Кытай Коммунисттик партиясынын 1,53 млн мүчөсү (түрдүү деңгээлдеги) тиешелүү катачылыктары үчүн жазаланган.
Коррупция менен күрөштүн ачык мисалы катары Түштүк Кореядагы көрүнүштү да мисалга тартсак болот. Ал жакта мурдагы президент Пак Кын Хе коррупция беренеси боюнча соттун чечими менен 24 жылга эркинен ажыратылды. Ага чейин түштүк кореялык прокуратура мамлекеттин экс-президенти Пак Кын Хени 30 жылга эркинен ажыратууну талап кылганы маалымдалган. Түштүк Кореянын мурдагы президентине коррупциянын 18 пункту боюнча айып тагылган. Анын ичинде аны паракорчулук боюнча да, бийликти кыянаттык менен пайдалануу жана мамлекеттик сырды ачыкка чыгаруу боюнча да айыпташууда. Бул иш боюнча тергөө иштери бир жылдан ашык созулган.
Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө коррупция менен күрөшүү кырдаалы узакка созулган тергөө иштери жана далилдөө базасын чогултуу менен коштолот. Себеби, жогорку кызматта иштеп келген чиновникке тагылган айыптоолор далилденбей калса, анда мамлекеттин кадыр-баркына да көлөкө түшүп жана дүйнөлүк коомчулуктун да суроолорун жаратат.

Кыргызстан коррупция менен күрөшүүдө сыртта калган жок. Сооронбай Жээнбековдун президенттигинин жарым жылдыгында бул балээ менен күрөшүү өтө жогорку деңгээлге көтөрүлдү. Февраль айында Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент С. Жээнбеков укук коргоо, көзөмөл жана сот органдары өздөрү коррупцияга батып калганын айтып сындаган. Бул багытта да бир топ өзгөрүүлөр орун алды. Президенттин катуу талабы менен аталган органдар коррупцияга каршы күрөшүүгө өзгөчө даяр болуп калышты. Мамлекет башчысы биринчи кезекте коррупция менен күрөшө турган ведомстволордун өзүндө коррупцияны жоюп, андан кийин гана бул балээ менен күрөшүүнү колго алууну тапшырды.

КР Башкы прокуратурасы коррупциялык жана кызматтык кылмыштар боюнча бардык токтотулган кылмыш иштерин кайра ордунан козгой баштады. Анан өз каалоолору менен УКМК төрагасы, Коррупцияга каршы кызматынын, Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматынын, Финансы полициясынын жана башка ведомстволордун башчылары кызматтарынан кетишти. Андан кийин мамлекеттин атайын кызматы коррупциялык иштерге катыштыгы бар делген айрым чиновниктерге айыптоолор коюлганын билдирип чыкты. Анын жыйынтыгында жогорку кызматтарды ээлеп келген 7 чиновник УКМКнын СИЗОсунда тергөө иш-чараларынын аякташын күтүп жатат. СИЗО-1де Маммүлк фондунун мурдагы башчысы вип-шаарчаны сатуу боюнча алдамчылыкка айыпталып жатат. Бишкек ТЭЦиндеги авария, ТЭЦти реконструкциялоого жана региондорго мектептерди курууга Кытай тараптан келген каражаттын рацоналдуу эмес пайдаланылганы, ошондой эле салыктарды жаап-жашыруу сыяктуу бир катар чуу жараткан иштер боюнча атайын кызмат азырынча чиновниктерди камоого шашылган жок. 
Андыктан коомчулукта эмне үчүн коррупцияга катыштыгы бар чиновниктерди камабай жатышат деген суроо пайда болууда. Жакында эле Тарых музейинин реконструкциясынан да коррупциялык элементтер чыкты. Анда түрдүү экспонаттарга жана инсталляцияларга карата баалар өтө эле көбөйтүлүп көрсөтүлгөн болуп чыкты. Ал эми обьектинин реконструкциясынын өзүнүн сапаты тууралуу сөз азырынча жүрө элек.

Эгерде жогоруда айтылган дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттериндеги коррупция менен күрөштөргө көңүл бура турган болсок, анда Кыргызстан мыйзамдын үстөмдүгү принцибин сактап атканын көрүүгө болот. Ошондой эле айрым адамдарга карата күнөөсүздүк презумпциясы деген түшүнүк сакталууда. Айрым учурларда камакка алуу үй камагына алуу же сыртка чыкпоо тил каты менен алмашууда. 

Мындан сырткары дүйнөлүк коомчулуктун алдында алган милдеттемелер жана тергөө иш чараларынын так тартиптери жана талаптары, жадакалса коррупция менен күрөштүн алкагында да Кыргызстандын мыйзамсыздыкка жана орто кылымдык хаоско түшүп кетүүсүнө жол берген жок. Тескерисинче мамлекет региондогу жападан жалгыз демократиянын аралчасы боюнча калууга жана постсоветтик айдыңдагы демократиянын бири экенин өзүнүн мисалында көрсөтүүгө аракет кылууда. 

Андыктан коррупциядан жана айрым чиновниктердин таза эместигинен, мыйзамсыз аракеттеринен чарчаган өлкөбүздүн калкынын көпчүлүк бөлүгүнүн коррупцияга катыштыгы бар адамдарды камакка алуу каалоосуна мыйзамдын үстөмдүгүн сактоо жана уланып жаткан тергөө иш-чаралары жол бербейт. Мындай учурда чогулган фактылар жана далилдерге негизделип жүрүп аткан катаал жана жапырт күрөш маалында күнөөсүздүк презумпциясы (соттун чечими чыкканга чейин эч ким күнөөлүү деп аталбайт), адам укугун сактоо приоритетине өзгөчө көңүл буруп, хаос жана мыйзамсыздык жолунан качкан мамлекет башчысына мамлекет ичинде да, анын сыртында сокуулар болушу мүмкүн.

Бүгүнкү күндө мамлекетибизде Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу маселелер, бажы кызматындагы, салык кызматындагы, финансы министрлигиндеги жана бир катар министрлик жана ведомстволордогу бир катар чиновниктердин ишмердүүлүктөрү боюнча тергөө иш-чаралары жүрүүдө. Ошондой эле Бишкек мэриясы тарабынан 9090 сомдон сатылып алынган көчөттөр боюнча да иликтөө башталды.

Демек, тергөө иш-чараларынын жыйынтыгын күтө туруу керек. Ошондо гана коррупцияга шектүүлөродүн бардык кыңыр иштери коомчулукка айтылат. Азыркы тапта коррупция менен күрөшө турган бардык органдар КР Коопсуздук кеңешинин өзгөчө көңүл борборунда турат. Анын башында мамлекет башчысы өзү жана эң башкысы коомчулук турат. Андыктан цивилдүү жол менен териштирүүлөрдү күтүп жана тергөө органдарына бардык керектүү, эң башкысы колу таза эмес чиновниктердин күнөөсүн тандырбай турган далилдерди табуусуна убакыт берүү керек.
 

"Maalymat.kg"скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;