Кто станет новым главой МИДа? - Гульмира Тыналиева
Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Издөө
» » Шайырбек Абдырахман: "Саясий куугунтук болуп жатат" -деп элге жар салаардан мурун "көчүк" жагыңарды бир кылчайып карап алсаңар боло!”

Шайырбек Абдырахман: "Саясий куугунтук болуп жатат" -деп элге жар салаардан мурун "көчүк" жагыңарды бир кылчайып карап алсаңар боло!”

19 май 2018, 01:53    bishkek
0 комментарий   
Апрель каналынан саясий куугунтукка кабылышкан Сапар Исаков, Абдиль Сегизбаев, Индира Жолдубаева жана башкалар тууралуу атайын берүү даярдашыптыр. Эми айтып олтурса сөз жок. 

АпрельТВнын айтымында жогорудагы аты аталган экс-чиновриктер саясий куугунтуктоолордун натыйжасында кызматтарынан кетишкен имиш. Тообоо!!! 

Эй, буларың саясий куугунтук көрбөй эле саясий куугунтук кылышкан немелер да. Аларды ким, эмне деп кубалады? Бул адамдар кызматтарынан эмне үчүн шыпырылышты? Биринчи ошого көңүл бурбайлыбы!

Мисалы:

Абдиль Сегизбаев УКМКны жетектеп турганда "Белиз-гейт", "Маевский-гейт" сыяктуу жалаалардын автору болуп, А. Салянова, Ө. Текебаев, А. Шыкмаматовдордун үстүнөн куугунтукту жалаң ушул мыкты уюштурду го! Бул жалаалар бийликтеги "бир кишинин" оппоненттерин тазалоо, жок кылуу , камакка алуу болбогондо эмне болду?!

Ал эми Индира Жолдубаева Башкы Прокуратурада турганда прокурорлук иши менен кошо А. Атамбаевдин абийрин коргоочу, сотко бергичи болуп иштеп алды го! Атамбаев жөнүндө "А" - деп ооз ачкан журналист, активистердин моюнуна жанагыл олчойгон миллиондорду жаңылбасам, так ушул Жолдубаева илдирбеди беле!

Эми Сапар Исаков боюнча. Аны ким куугунтуктады? Сапарды жанагыл өзү кат жазышып жүргөн кытайлар алган 600 долларлык аттиштер эле "бир жеринен" улам-улам чымчылап олтуруп түбүнө жетпедиби!

Сапакең саясат паясатты эмне кылат азыр оозанып! Ал азыр тетигил ТЭЦти ойлонсун! Андагы жүздөгөн миллиондор эмне болгон ошону айтып берсин элге! Бир кезде Шыкмаматовду жебеген самсыга пул төлөтүп, 1000 доллар жедиң дешип, жалаа жабышып, кайра кайра УКМКга чакырышып, камооого аракет кылгандар эми 100 миллион, 200 миллион деген долларлардын дарегин таап беришсин бизге! 

Анан да саясий куугунтук деп коюшат!!!
Кызарбай татарбай "САЯСИЙ КУУГУНТУК БОЛУП ЖАТАТ" -деп элге жар салаардан мурун "көчүк" жагыңарды бир кылчайып карап алсаңар боло!!!

Шайырбек Абдырахман, тележурналистскачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;