Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Как безграмотный Манас Арабаев управлял судьями КР? 
Бишкек мэриясы Фучик паркындагы жер тилкелерин муниципалдык менчикке кайтарууда 
Кыргызстанда үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары старт алды - ФОТО
Президент Сооронбай Жээнбеков встретился с Президентом Казахстана Нурсултаном Назарбаевым
Кыргызстан Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган тар курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү
Депутат Сагындык Келдибаевдин “россиялык” экени тастыкталды
Президент, который всегда с народом
Издөө
» » Эльмира Мадиева, журналист: «Чоң атам эки жолу катуу жарадар болуп, үчүнчүсүндө сол колунан ажыраган экен»

Эльмира Мадиева, журналист: «Чоң атам эки жолу катуу жарадар болуп, үчүнчүсүндө сол колунан ажыраган экен»

08 май 2018, 11:01    bishkek
0 комментарий   
9- май Жеңиш күндү утурлай чоң атам жөнүндө...
Мен чоң атамдын эң улуу небереси болом. Эсептесем, мени 68 жашында көрүптүр. Атам менен өткөргөн өтө кичинекей кездеги күндөр элесте жок, бирок эжемдер мени кичинеңден эле бизге жакын болчусуң, чоң атаң бизге алып бербеген шубаны сага алып берген дей беришчү. Ал шуба мага бир топ чоң болсо да сатып алыптыр.
Кийин 3-4 жашымдан баштап кийдим окшойт, значок-кокардасы (жылдызча) бар топусу менен болчу. Шубанын өңүндөй күрөң мамалагым да бар эле, аны деле атам сатып берсе керек... Мен аларга жакын болгондуктанбы, чоң ата, чоң апа дебей эле, ата, апа дечүмүн. А өз ата-энемди азыркыга чейин папа, мама дейм. Атам мени “Чоң мурун кызым” дечү. Мен эс тарткан кезден тартып атам төшөктө жатчу, өзүнүн бир кишилик диваны бар эле, мен жанына батып жатып алчумун. Бир күнү атамдын, бир күнү апамдын коюнунда жатчумун. Ашказаны ооругандыктан, дайыма чычырканактын майын иччү, мен кээде апамдын ордуна кашыктап берер элем.

Атам Мадиев Жамангул 1914-жылы Ак-Талаа районунун Ичке-Суу айылында (азыркы Баетов) айылында туулган. Орто-Сырт чарбасынын алгачкы мүчөлөрүнөн болгон. Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу, 26-артиллериялык дивизиянын артиллеристи, 1941-жылы Украина, Беларусия фронтторунда кан майдандын алдыңкы чегинде жүргөн. 1942-1943-жылы эки жолу катуу жарадар болуп, үчүнчүсүндө сол колунан ажыраган. 6 ай госпиталда дарыланып жаткан. 1944-жылы айылына кайтып келген соң 10 жыл бою Тогуз-Тородо финагенттик кызматта иштеген. Андан кийин Ак-Талаа райондук автобазада май куйуучу болуп пенсияга чыкканча эмгектенген. I даражадагы Ата Мекендик Согуш ордени, Жуков кичи күмүш медалы, Германияны жеңгендиги үчүн, каармандыгы үчүн 1970-жылы Лениндин 100 жылдык медалы жана көптөгөн сыйлыктар менен сыйланган. 
Атам мага жети атасын санап берип, өзүнүн атасы Казы экени, анан кантип Казынын биртууганы Мадинин фамилиясында болуп калганы, согуш талаасындагы күндөрү, достору жөнүндө айтып берчү. Мен анда эси-дартым оюн болгон секелек кыз болгонго, ал уккандарым бир кулагыман кирип, бир кулагыман чыгыптыр. Эгерде анын баарын кунт коюп укканымда, атам жөнүндө эскерүү кызыктуу чыкмак беле дейм... Согуштан алдырып келген сол колунун (көйнөгүнүн жеңинен) жетелеп эшикке чыгарып сейилдетүү менин милдетим болчу. Жетелеп баратып сүйрөй чуркап бир топ эле бушайманга салчумун (атамдын көзү начар көрчү, бутунан да абайлап акырын басар эле. p.s. Эми карылык да). Биздин көчөнүн тротуарында дүпүйгөн калың бак бар болчу. Кээде ошол бакты айланып жашынып, айласын кетирчүмүн. Ошондо да атам мени урушчу эмес, жалынып-жалбарып турчу. Согуштун ардагерлерине Өкмөт тарабынан запорожец машинеси берилгени эсимде. Аны атам айдаган жок. Бара-бара ал машине биздин оюн талаабызга айланды. Жеңиштин 50 жылдыгын өз көзү менен көрүп калды. Атамды 9-май Жеңиш күнү сайын жетелешип параддан өтчүбүз. Бир курдай атам, апам, эжем, жеңемдер менен бирге чыгып сүрөткө түшүп, айылдын паркын айланып майрамдаганбыз. 

Өлүмдүн эмне экенин мен атам каза болгондо аңдадым. Анда мен 13 жашта болчумун. Ал учурда шаарда жайкы каникулда элек. Папамдар менен келатабыз, бирдеме сезип эле келатам бирок, бизге эч нерсе айтылган жок. Үйгө жеткенде боз үйдү көрүп түшүндүм. Атам эми жок экенин сезгенде, дүйнөм аңтар-теңтер болуп, эми мага эми жашоонун кызыгы жоктой абалда болгом. Элдер боз үйдүн ичинде ыйлап отурушса, мен атам жаткан бөлмөгө келип алып, жалгыз отуруп “эми мен сиз жок кантип жашайм?!..” деп ыйлагам... Атам 81 жашында дүйнө салды. Жараткан бизди атамдын жашынан ашырса ашырсын, бирок андан кем кылбасын деп тилейм. 
Атам кээде өзү чыгарган төрт сап ырларын кошуп сүйлөчү. Мүнөзү жаш кезинде кандай экенин билбейм, бирок мен билгенден андан өткөн момун киши жок болчу. Муруту бар болгонгобу, “Ак кемедеги” Момун чалга анча-мынча түспөлдөшүп кетчү.
Эльмира Мадиева, журналист
скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;