Кто станет новым главой МИДа? - Гульмира Тыналиева
Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Издөө
» » Азамат Кыязов, журналист: “Сооронбай ага, күтүүбүз чексиз. Күткөнүбүз эле – акыйкаттуулук, мыйзамдуулук!”

Азамат Кыязов, журналист: “Сооронбай ага, күтүүбүз чексиз. Күткөнүбүз эле – акыйкаттуулук, мыйзамдуулук!”

16 апр 2018, 12:02    bishkek
0 комментарий   

СООРОНБАЙ АГА!

Окуйттурсуз… Алыскы сапардын ара-чолосунда. Акыркы төрт күн ичинде Сизге эреркеп, Сизди сүрөп, жонундагы оор жүктөн арылгандай “дуу” эте түшкөн көпчүлүктүн демин байкадыңыз да. Элдин ушул эмоциясынан, кубанычынан эле “кеменин курсун” аныктасаңыз болот. Билесиз, сабыр тутунуп, үмүткө байланып жашаган чыдамкай элбиз. Күтүүбүз чексиз. Күткөнүбүз эле – акыйкаттуулук, мыйзамдуулук, бандиттик башкаруунун аягына чыгышы.

Мен эми кеңешчиңиз болбогондон кийин, акыл үйрөтүүдөн алысмын. Тек, кыргызга кайдыгер эмес кыргыз катары, көмөкөйүмдө турган ээн-жайкын сөздү айткым бар. Сиздин аракетиңизге абай салып, мындай ойго жетеленүүдөмүн: Балким, эл-журттун үнү Кудайга жеткендир... депчи. Анткени оозуңуздан элдин мүдөөсүнө айкалышкан сөз куюлуп, калемиңизден журттун тилегине жараша кол коюлуп атат. Анчалык ынабаганымды жашырбайм. Себеби, “КСДП”, “дос”, “2040-жылга карата өнүгүү стратегиясы” дегендерге маанилеш “Кыргыз көчү жолун улайт!” саясий урааныңыз менен “Коррупцияга каршы күрөш!” чакырыгыңыз бири-бирине саал жугушпай турганы. Анүстүнө “досуңуздун” жыйырманчы жылды жыттабай жатып, кыркынчы жылга чалма ыргытканын көрүп: Володя менен Диманын “опутуна” салып, алмак-салмак өлкөнүн өпкөсүн үзө чаап жүрүп отурушабы дедим эле, оро-пара окуя башкача өңүттө өөрчүй баштады.

Ошондой эле болсун. Сиз бийлик нугун өзгөртүңүз. Элди алдап, тоноп башкаруу - өткөн жыл менен кетсин! Мына, тышкы карызы нөлгө барабар өзбек бийлиги “кыркынчы жыл” деп кыйкырбай эле, кырк күндө кыштагын шаарга айлантты. Шавкат Мирзиёевдин кылган-неткенин карап, - Өзбекстан эмес, Орто Азияга падыша болчу зээри бар экен, - деп шыпшынып отурабыз. Сиз деле дараметиңизди далилдечү кырда турасыз. Дилиңизде элдик ажо болууну эңсөө күч экенин сездирүүдөсүз. Эл жүрөгүнөн орун алуу, “экстердин” көзүнөн учкан тейден кеткен “Журт атасы” атыгуу – албетте, ооматтын ооматы. Эркиңизди бекемдеп, ниетиңизди курчутсаңыз эле ал даражага жетесиз. Маселен, Сиз коррупция менен күрөшпөңүз, Сиз коррупцияны талкалаңыз! Коррупция менен колунда бийлиги жоктор күрөшөт. Бөркүңүздөй көрүңүз, кай тармакта, кандай өлчөмдөгү коррупция болбосун, КСДПны кыйгап, “досуңузду” айланып өтпөйт. “Ушулардын аркасы менен ажо болуп алып, кайра кантип буларга иш козгойм?”, - деген “ыйман кемирген” ойго буйдалбаңыз. Хан тактысы - тагдырдан, Кудайдан. Ханда дос болбойт. 

“Дос” демекчи, акыр замандын түшүнүгүндө дос - “бизнес-өнөктөш”. Азыркы достор: “Досум өлүп калды”, - деп табак башында тишин чукуп отура берет, апталап бөк түшүп аза күтпөйт...
Аттын жоорундай “үй-бүлөлүк-кландык башкаруу” деген жарлык кыжаалаттык жаратаары турган иш. Бирок, ал жарлыкты жакшы жагына оодарып кетүү биртуугандарыңыздын мээсиндеги оокат. Кандай гана башкаруу болбосун, президенттикпи, парламенттикпи, “кландыкпы” же “клансызбы”, Кыргызстан карызга гана батып келе жатат. Керек болсо, “клансыз башкаруудан”, тагыраагы “достук башкаруудан” катуу жабыр тарттык го!.. Муну мен айтпасам - ким айтат?!)) “Досуңуз” коррупция менен күрөшүп атам деп А.Келдибековду камады (анын ичкен-жегенин санап, КТР жаран аттуунун баарына жаттаткан) эле, “апакай” чыкты. Н.Түлеевди жапты эле, ал түрмөдө жатып чоң дүкөнүн салып бүтүрдү ж.б.. 
Кыскартайын, ага, “коррупционер” деген сөз – “ууру” деген эле сөз да туурабы? Ууру кармалганда уурдаганын кайра бериши керек. Уурдап бир сыздатып, бербей эки сыздатпайчы. Ушул жерден мындай сунуш киргизгим келет: Улуттук банктан “Тышкы карыздан кутулуу” эсебин (счёт) ачпайсызбы да, ошол эсепке уурулардан өндүрүлгөн сумманы чогултпайсызбы. Ал эсеп онлайн аркылуу элге көрүнүп турсун. Мисалы, А.Шыкмаматовдун 5 миллион сомунун 3 миллиону түштү деп. Этекки 20 жыл ичинде ким чиновник болгон болсо, ким мамлекеттик мекемени жетектеген болсо, баарын текши чоң-кичине дебей жакшылап кайра бир “кызыл электен” өткөрсөңүз - карыздан кутула жаздайбыз. Бул кадамды жасасаңыз карапайым эл Сизге кепилдиктүү армия болуп берет.

Ал армия - ак жеринен чанжырак сурактарга чайналып ден соолугунан ажырап абакта жаткандардан, Орусиянын кар-музунан маяна издеп талаалагандардан жана маанисиз бийликтин курмандыгына чалынып, таланты, билими, жумушу, турмушу, жандүйнөсү майдаланып күкүмгө айланган миңдеген тагдырлардан куралат...

Азмат Кыязов, журналист.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;