Бишкектин түштүк пландоо аймагында 900 орундуу мектеп курулууда

Бишкектин түштүк пландоо аймагында 900 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги маалымдады.

Жаңы мектептин жалпы аянты 7 000 чарчы метрди түзүп, беш блоктон турат. Анын ичинде үч кабаттуу окуу корпусу, актовый зал, азык-түлүк сактоочу менен тамактануу бөлмөсү, ошондой эле заманбап талаптарга жооп берген спорт залы болот.

Учурда курулуш аянтында 70тен ашык жумушчу иштеп жатат. Жумуштар бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Курулуш министрлиги Нурдана Орунтаеванын жеке көзөмөлүндө, ал эми аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл бурулууда.

Мындан тышкары, объектти электр энергиясы менен камсыздоо үчүн күн панелдерин орнотуу мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул чара имараттын энергия натыйжалуулугун жогорулатууга жана эксплуатация чыгымдарын азайтууга жардам берет. Курулуш иштери 2026-жылдын март айында башталган жана республикалык бюджеттин каражаттары менен каржыланууда.

Жаңы мектептин курулушу билим берүү системасын жакшыртууга, ошондой эле жаш муундарга заманбап билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген