Бишкекте чир спорту боюнча чемпионат жана шаардык биринчилик ачылды

Бишкекте 6-июнда «Алга» спорт комплексинде чир спортунун чемпионаты жана шаардык биринчилиги салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Ачылыш аземине Бишкек шаарындагы физикалык тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов жана Кыргызстандын чир спорт федерациясынын куратору Айжан Екимбаева катышты.

Канатбек Маматов мелдештин катышуучуларына кайрылып, өлкөдөгү чир спортунун өнүгүшүн, спортчулардын санынын көбөйүшүн белгиледи. Ал Бишкек мэриясы ар түрдүү спорт түрлөрүн колдоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты.

Сорундарда Кыргызстан, Казахстан, Өзбекстан жана Россиядан 247 спортчу катышты. Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр жана сыйлыктарды алган спортчулар кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланды. Сорундарды уюштуруучулар Бишкек шаардык мэриясынын физикалык тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана Кыргызстандын чир спорт союзунун өкүлдөрү болду.

Чир спорту – бул командалык спорт түрү, ал спортчулардын координациясын, күчүн жана чыгармачылыгын талап кылат. Бул спорттун түрү дүйнө жүзүндө популярдуулукка ээ болуп, жаштар арасында активдүү өнүгүүдө. Кыргызстанда да чир спортунун өнүгүшү үчүн бардык шарттар түзүлүп, жаш спортчуларга колдоо көрсөтүлүүдө.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген