Сокулук районунда суюлтулган газды мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды

Сокулук районунда сжиженген газды мыйзамсыз сатуу жана автоунааларды, ошондой эле үйдөгү газ баллондорун коопсуздук талаптарын бузуп толтуруу фактылары аныкталды. Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, мындай иш-аракеттер өрт жана жарылуу коркунучун жогорулатат.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен үч мыйзамсыз иштеп жаткан соода жайы аныкталды. Эки объекттин ээлерине коопсуздук талаптарына ылайык автоцистерналарды айылдардан чыгаруу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди. Бир объект боюнча кошумча уруксат документтери талап кылынууда, учурда тиешелүү процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Министрликтин экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы, автоунаа газ толтуруу станцияларын жана автоцистерналарды айылдардын аймагында жайгаштырууга мыйзам тарабынан тыюу салынганын эскертет. Жай мезгилинде, абанын жогорку температурасы өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучун бир нече эсе жогорулатат. Коопсуздук талаптарын бузуу өрт же жарылууга алып келиши, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурушу, ошондой эле айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтириши мүмкүн.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген