Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы менен атайын корголгон табигый аймактардагы контролдук өткөрмө пункттарын куруу жана модернизациялоо боюнча келишим түздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Келишимдин жалпы суммасы 80 миллион сомго жакын. Проекттин алкагында Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругунда жана «Кыргыз-Ата» мамлекеттик табигый паркында заманбап контролдук өткөрмө пункттарын куруу пландалууда. Ошондой эле, өлкө боюнча 16 мамлекеттик табигый парк жана коруктарда автоматташтырылган контролдук өткөрмө пункттарын орнотуу каралган.
Бул долбоор атайын корголгон табигый аймактарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, коноктордун эсепке алуусун жакшыртууга жана финансылык кирешелердин ачыктыгын камсыздоого багытталган. Мындан тышкары, ал туристтер жана жарандар үчүн табигый объекттерди зыярат кылууда ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жардам берет.
Процесстерди санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулат: автоматташтырылган контролдук өткөрмө пункттары адам факторунун таасирин минималдаштырууга, көзөмөлдү жана коопсуздукту күчөтүүгө, ошондой эле конокторду каттоо жана эсепке алуу боюнча электрондук системаларды киргизүү аркылуу коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга мүмкүндүк берет.