Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Кипрдын тышкы иштер министри Константинос Комбос Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешине убактылуу мүчө болуп шайланышын тарыхый жетишкендик катары баалап, өлкөгө ийгиликтерди каалады. Бул тууралуу министр Жээнбек Кулубаев менен болгон жолугушуусунда билдирди.
Жолугушуу учурунда Кулубаев Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешиндеги негизги приоритеттерин тааныштырды. Ошондой эле, Кипрдин 2026-жылдын биринчи жарымында Европалык Союздагы төрагалыгынын алкагында Кыргызстан менен кызматташуу маселелерине да көңүл бурулду. Кыргыз тарап, Европалык Союздун социалдык-экономикалык реформаларды ишке ашырууда, демократиялык институттарды бекемдөөгө, адам капиталынын өнүгүшүнө жана туруктуу өнүгүү боюнча демилгелерди илгерилетүүгө көрсөткөн колдоосун жогору баалады.
Кулубаев, Европалык Союздун санкциялык саясатынын күчөшүнө көңүл буруп, бир тараптуу чектөө чараларынын Кыргызстандагы соода-экономикалык жана финансылык өнүгүүгө терс таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө тынчсыздануусун билдирди. Ал, Кыргызстан эл аралык экономикалык жана коммерциялык байланыштарды саясий мүнөздөшүүгө каршы экенин белгилеп, өз ара пайдалуу чечимдерди табуу үчүн ачык диалогго даяр экенин айтты.
Жолугушуунун жыйынтыгы менен эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда 2027-2028-жылдарга кызматташуу программасынын кол коюу аземи өттү. Ошондой эле, тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдиришти. Туризм тармагында тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча да өз ара кызыгууларын билдиришти.