Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте жылдын аягына чейин 20 чакырымдан ашык 10 кВ электр кабелдерин куруу жана реконструкциялоо пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Энергетика министрлиги маалымдады.
Курулуш иштеринин жүрүшүндө Токтогул көчөсү, Эркиндик бульвары, Пишпек жилмассиви, Абдыкалыков подстанциясы (7, 8 жана 10 микрорайондор) жана Элебесов көчөсүнөн БЧК аркылуу Усенбаев көчөсүнө чейин болгон аймактарда кабелдер орнотулууда. Учурда 3 чакырым кабелдик линиялар орнотулду.
Проекттин алкагында кабелдик иштердин толук комплекси аткарылууда: траншеяларды казуу, кабелдерди орнотуу, кабелдик муфталарды монтаждоо, сыноолорду өткөрүү жана эксплуатацияга берүү. Реконструкциялоодо заманбап XLPE-изоляциясы бар 3×185 мм² жана 3×240 мм² кабелдери колдонулууда, бул алардын ишенимдүүлүгүн жана узак мөөнөттүү пайдаланылышын камсыз кылат.
Бул иштер электр энергиясын камсыздоонун ишенимдүүлүгүн 80% дан 95% га чейин жогорулатууга, техникалык жоготууларды азайтууга жана жаңы кардарларды туташтыруу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө мүмкүндүк берет. Жаңы кабелдик линияларды куруу жана реконструкциялоого өзгөчө көңүл бурулууда, бул борбордун тургундарына электр энергиясын камсыздоонун сапатын жана туруктуулугун жогорулатууга жардам берет.
Иш-чаралар электр энергиясынын тарифтик каражаттарынын эсебинен каржыланууда, бул эски энергетикалык объектилерди этап-этабы менен модернизациялоого мүмкүндүк берет. Бишкектеги кабелдик линиялардын жалпы узундугу 1150 чакырымдан ашат. Алардын бир бөлүгү 1970-жылдары курулган, ошондуктан техникалык абалы жаңыланууну талап кылат. Эгер мурун кабелдердин эксплуатация мөөнөтү орточо 25 жыл болсо, азыркы заманбап кабелдер 25тен 40 жылга чейин кызмат кылууга ылайыкташтырылган.
2025-жылы Кабелдик линиялар кызматы жана Строительно-монтаждык иштер кызматынын биргелешкен аракеттери менен 50 чакырымдан ашык кабелдик линиялар курулуп, реконструкцияланды. Бул иштер кардарларга электр энергиясын камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, техникалык жоготууларды азайтууга жана жаңы абоненттерди туташтырууга мүмкүнчүлүк берди.