Бишкек мэриясы коррупция боюнча ишеним телефондорун эске салды

Бишкекте коррупцияга каршы күрөшүүнү күчөтүү жана мэриянын ишмердүүлүгүн ачык кылуу максатында ишеним телефондору иштей баштады. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.

Жарандар жана уюмдар коррупциялык тобокелдиктер, мыйзам бузуулар, кызыкчылыктар кагылышы жана башка ушундай кырдаалдар боюнча кайрылышы мүмкүн.

Ишеним телефондору:
– 0312 97 91 95 (кошумча 0603)
– 0312 97 91 95 (кошумча 0602)

Кайрылуулар кабыл алынып, андан ары каралып, тиешелүү чаралар көрүлөт. Мындай демилгелер коомчулуктун ишенимин арттырып, мамлекеттик органдардын ишин жакшыртууга көмөктөшөт. Коррупцияга каршы күрөшүү – ар бир жарандын милдети, андыктан ар ким өз үнүн көтөрүп, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууга жардам бере алат.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген