Кыргызстандын бала бакчаларына электрондук кезек жаңы порталга өткөрүлдү

Кыргызстанда мамлекеттик санариптик технологиялар системасы “Электрондук кезек” жаңы платформага өткөрүлдү. Бул система балдарды каттоо жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында орундарды бөлүштүрүү үчүн колдонулат. Билим берүү министрлиги билдиргендей, бул өзгөртүү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын бирдиктүү санариптик платформада бириктирүүгө жана ата-энелердин мамлекеттик кызматтарга кирүүсүн жеңилдетүүгө багытталган.

Эми ата-энелер балдарын бала бакчага каттап, кезекке коюп, кезектин жүрүшүн көзөмөлдөп, башка кызматтарды balalyk.edu.gov.kg порталы аркылуу ала алышат. Мурда mektep.edu.gov.kg порталында катталган бардык арыздар жана кезек тууралуу маалыматтар толугу менен сакталат жана жаңы платформага автоматтык түрдө өткөрүлөт. Кезекте турган балдардын маалыматтары өзгөрбөйт.

“Электрондук кезек” системасы мектепке чейинки билим берүү уюмдарына балдарды кабыл алуу процессинин ачык болушун камсыз кылат, кезекти автоматтык түрдө түзүүгө, бош орундарды бөлүштүрүүгө жана адам факторунун таасирин минималдаштырууга мүмкүндүк берет. Бул система бардык балдар үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга багытталган.

Ата-энелер балдарын balalyk.edu.gov.kg порталы аркылуу же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу каттай алышат. Билим берүү министрлиги бул жаңы система аркылуу ата-энелерге кызмат көрсөтүүнү жакшыртууну көздөп жатат.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген