Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Баткен районунун Ак-Сай айылдык аймагында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Жолугушууда айылдын жашоочулары бир катар маселелерди көтөрүштү. Алардын арасында бала бакча куруу, аялдар үчүн фитнес-клуб ачуу, чек арадагы кагылыштардан жабыркаган жарандарга экинчи турак жай берүү, турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү, жер пайлары менен байланышкан көйгөйлөр, жаштар үчүн футбол аянтчасы, мечит куруу, жер амнистиясы, жаңы жумуш орундарын түзүү, электр энергиясы менен камсыздоо, суу насосторун натыйжалуу пайдалануу, ирригация каналдарын куруу, ФАПтын, мектептин жана ички жолдордун абалы, ошондой эле социалдык контракт программасы боюнча колдоо көрсөтүү маселелери бар.
Ошондой эле, мамлекеттик чек араны демаркациялоо учурунда чек ара сызыгы өткөн үйлөрдүн ээлери өздөрүн кызыктырган суроолорду беришти жана тиешелүү түшүндүрмөлөрдү алышты. Мамыржан Рахимов тиешелүү министрликтердин жетекчилерине көтөрүлгөн маселелерди тереңдетип иштеп чыгууну тапшырды жана тапшырмаларды өз көзөмөлүнө алууну убада кылды.
Облус башчысы чек араны демаркациялоо иштеринин жүрүшү тууралуу кеңири маалымат берип, бул иштер мыйзам чегинде жана эки тараптуу келишимдердин негизинде жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Чек арадагы окуялардан жабыркаган жарандарга экинчи турак жай берүү маселесине токтолуп, мамлекет тарабынан кабыл алынган чаралар тууралуу айтып, бул маселе жакын арада оң чечилерин билдирди.
Жолугушуунун соңунда тургундар көтөрүлгөн маселелерге көңүл бөлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришти жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө байланыштуу сунуштарын айтышты. Жолугушууга 250дөн ашык адам катышып, алардын 40ы суроолор менен чыкты. Ак-Сай айылдык аймагы беш айылдан турат жана анын калкы болжол менен 6,5 миң адамды түзөт. Аймак Тажикстандын Ворух анклавы менен чектешет.