Бакыт Сыдыков ШОС өлкөлөрүнөн өнөр жай өнөктөштүгүн бекемдөөнү сурады

Чолпон-Атада өткөн министрлердин жыйынында Кыргызстандын экономика жана соода министри Бакыт Сыдыков Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин алдында турган глобалдык өзгөрүүлөрдү белгиледи. Ал экономиканы, логистиканы жана эл аралык кызматташтыкты камтыган бул өзгөрүүлөрдүн маанилүүлүгүн айтты.

Министрдин айтымында, мындай шарттарда туруктуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүү, өз ара ишеним, ачыктык жана биргелешкен жоопкерчилик негизинде иш алып баруу өзгөчө мааниге ээ. Дүйнөлүк экономиканын туруктуулугу жана өндүрүштүк чынжырлардын ишенимдүүлүгү өлкөлөрдүн өнөр жай потенциалын туруктуу өнүктүрүүгө жана эл аралык өз ара аракеттенүүгө түздөн-түз көз каранды.

Бакыт Сыдыков жыйындын катышуучуларын өнөр жай жана технологиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, кызматташтык механизмдерин жакшыртууга, ошондой эле атайын экономикалык зоналар, өнөр жай парктары жана биргелешкен ишканалар ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө чакырды.

Ошондой эле, министр көргөзмө-ярмарка ишмердүүлүгүн колдоо, технологиялык жетишкендиктерди илгерилетүү жана ШКУга мүчө мамлекеттердин туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүүчү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча министрлердин биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды. Бул документ эксперттик деңгээлде макулдашылып, бардык делегациялар тарабынан колдоо тапты. Бакыт Сыдыков ШКУга мүчө мамлекеттер ортосунда өнөр жай кызматташтыгын бекемдөө жана узак мөөнөттүү кызматташтык механизмдерин түзүү зарылдыгын баса белгиледи.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген