Айдоочулук күбөлүктөрүн өз ара тааныштыруу. Кыргызстан менен Беларусь 12 документке кол коюшту

Кыргызстандын өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев менен Беларусиянын премьер-министри Александр Турчиндин жолугушуусунда бир катар маанилүү документтерге кол коюлду. Жалпысынан 12 келишим кабыл алынды.

Алгач, эки өлкөнүн өкмөттөрү арасында улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн өз ара таануу жана алмашуу боюнча келишим түзүлдү. Ошондой эле, эмгек жана социалдык коргоо тармагында кызматташуу боюнча келишим да кабыл алынды.

Агроөнөр жай жаатында, үрөн өндүрүү боюнча кызматташуу меморандуму жана айыл чарба жана азык-түлүк боюнча биргелешкен комиссиянын биринчи жыйынынын протоколу бекитилди. Техникалык жөнгө салуу боюнча стандартташтыруу, шайкештикти баалоо жана маалымат алмашуу боюнча келишим да түзүлдү.

Цифрдык соода тармагында почта кызматтары жана электрондук коммерция боюнча кызматташуу меморандуму кабыл алынды. Иссык-Куль облусу менен Витебск облусунун ортосундагы региондор аралык кызматташуу боюнча келишим да бекитилди.

Билим берүү жаатында Кыргыз улуттук университети менен Брест мамлекеттик университетинин ортосунда кызматташуу меморандуму түзүлдү. Маданият тармагында Кыргыз улуттук филармониясы менен Беларусиянын мамлекеттик филармониясынын ортосунда да меморандум кабыл алынды.

Тарыхый мурас боюнча М.В. Фрунзе атындагы музей менен Беларусиянын мамлекеттик тарых музейи ортосунда кызматташуу келишими түзүлдү. Ошондой эле, Кыргыз улуттук көркөм искусстволор музейи менен Беларусиянын улуттук көркөм музейинин ортосунда да кызматташуу боюнча келишим кабыл алынды.

Бизнести өнүктүрүү максатында ишкердик кеңеш түзүү боюнча келишим да бекитилди. Беларусиянын премьер-министри Александр Турчин Кыргызстанга расмий сапар менен келген. Учурда беларус делегациясы кыргыз тарап менен эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулоону улантууда.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген