Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөсү болуп шайланышы өлкөгө берилген жогорку ишенимдин белгиси. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрайымы Эльвира Сурабалдиева билдирди.
Ал Кыргызстан үчүн тарыхый окуя экенин белгилеп, өлкөнүн биринчи жолу глобалдык тынчтык жана коопсуздук маселелери талкууланган маанилүү эл аралык органга мүчө болуп киргенин айтты. Депутаттын айтымында, бул Кыргызстанга дүйнөлүк масштабдагы маселелерди талкуулоого жана чечимдерди кабыл алууга катышууга мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле Борбордук Азиянын кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде илгерилетүүгө шарт түзөт.
Коопсуздук Кеңеши БУУнун эң таасирдүү органдарынын бири болуп саналат. Ага мүчө болуу өлкөгө жогорку ишенимдин белгиси. Кыргызстан үчүн бул чоң сыймык жана эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөөгө салым кошуу боюнча чоң жоопкерчилик. 142 мамлекеттин Кыргызстанды колдошу биздин республикабыздын эл аралык авторитетинин өсүшүн жана жүргүзүлүп жаткан тышкы саясатка болгон ишенимди көрсөтөт. Бул кыргыз дипломатиясынын жана мамлекеттин эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча аракеттеринин жогорку баасы.
Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги мүчөлүгү өлкөнүн эл аралык аренадагы ролун күчөтүп, глобалдык маселелерге активдүү катышуусуна жол ачат. Бул, өз кезегинде, өлкөнүн коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылууга жардам берет.