Мамлекеттик карыздын деңгээли коопсуз чектерде. Икономика өсүүдө, карыз жүгү жеңилдеди

Кыргызстандын мамлекеттик карыздарынын негизги бөлүгү энергетика, транспорт жана инфраструктураны өнүктүрүү долбоорлорун каржылоого жумшалууда. Экономисттер өлкөнүн мамлекеттик карызын жабууга жетиштүү мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилешет, бирок алынган насыялар узак мөөнөттүү болгондуктан, аларды так белгиленген мөөнөттө төлөө керек. Алар ошондой эле Кыргызстандын тышкы карызы 2035-жылга чейин толугу менен төлөнөт деп божомолдошот.

Учурда Кыргызстандагы мамлекеттик карыздын ички жалпы продуктка (ИЖП) катышы 41% түзөт. Бул тууралуу Финансылык министрликтин Мамлекеттик карыз жана активдер башкармалыгынын жетекчиси Абданбек Абдыбапов билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик карыздын абалы туруктуу деп айтууга болот. Мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясына ылайык, ИЖПга карата белгиленген чектөө 70% түзөт. Эгер бул көрсөткүч 70% жакын болсо, анда мамлекетте карызды төлөөгө байланыштуу көйгөйлөр бар экенин билдирет. Кыргызстанда бул көрсөткүч 41% деңгээлинде.

Абданбек Абдыбапов ошондой эле мамлекеттик карызды тейлөө чыгымдары республикалык бюджеттин кирешесинин 30% дан ашпашы керектигин белгиледи. 2025-жылга карата Кыргызстанда бул көрсөткүч 12,6% түзүп, бул абдан төмөн жана жагымдуу көрсөткүч болуп саналат.

Мамлекеттик карыздын ички жана тышкы бөлүктөрү бар. Учурда Кыргызстанда ички мамлекеттик карыз өсүүдө. Бул ички карызды тартуу валюта тобокелдиктерин азайтууга жана тышкы кредиторлорго болгон көз карандылыкты төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. 2017-жылы ички карыз мамлекеттик карыздын жалпы көлөмүнүн 10% түзсө, бүгүнкү күндө ал 46,5% га жетти.

Ички карыз мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу тартылат. Инвесторлор жана жарандар бул кагаздарды сатып алып, кошумча киреше алышат, бул болсо өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө жана республикалык бюджеттин кирешесинин көбөйүшүнө жардам берет.

Кыргызстан 2025-жылдын 20-майында Лондон фондулук биржасында облигацияларды жайгаштырган биринчи өлкөлөрдүн бири болду. Бул биржага чыгуу жергиликтүү компанияларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Мисалы, «Элдик Банк» 500 миллион долларды эл аралык капитал рыногуна чыгарды, бул болсо эл аралык инвесторлордун Кыргызстанды тааный баштаганын билдирет.

Тышкы карыздын негизги бөлүгү узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыялар түрүндө тартылат. Бул каражаттар өлкөгө көз карандысыздык алгандан бери келип жатат. Тышкы мамлекеттик карыздын өсүшүнүн негизги себептеринин бири – чет өлкөлүк валюталардын курсу. Мисалы, 1 доллар 4 сомго барабар болсо, бүгүнкү күндө 1 доллар 87,5 сомду түзөт. Мамлекет карыздарын убагында төлөп жаткандыгына карабастан, тышкы карыздын көлөмү валютанын курсунан көз каранды. Ошондуктан Кыргызстан валюта тобокелдиктерин азайтуу максатында ички карыздын үлүшүн көбөйтүп жатат.

Экономист Кубан Чороевдин маалыматы боюнча, 2020-жылы мамлекеттик карыздын ИЖПга катышы 68% га жеткен. Бул карызды дагы алуу мүмкүн эместигин билдирген сигнал катары кабыл алынган. 2025-жылы карыздын көлөмү 8,92 миллиард долларга жетсе, анын ИЖПга катышы 41% га төмөндөгөн. 2020-жыл менен салыштырганда бул көрсөткүч дээрлик эки эсе азайган. Экономиканын тез өсүшү менен карыздын жүгү реалдуу мааниде жеңилдеген.

Экономисттин айтымында, Кыргызстан мамлекеттик карызын төлөө жөндөмдүүлүгү жогорулаган. 2025-жылы алтын-валюта резервдери 69,1% га өсүп, 9 миллиард долларга жеткен. Бул көрсөткүч тышкы карыздын деңгээлине жакын, демек, резервдер тышкы милдеттенмелерди жабууга дээрлик толугу менен жетет.

2030-жылдан баштап тышкы карыздын азайышы күтүлүүдө жана 2035-жылга чейин толугу менен жабылат. Ошол эле учурда, келечектеги жылдар тышкы карызды төлөөнүн чокусуна туура келет. 2023-жылдан тарта Кыргызстан Республикасынын бюджети өсүүдө жана мамлекет ички муктаждыктарын жабуу үчүн каражатка муктаж эмес. Бүгүнкү күндө өлкө насыялык каражаттарды негизинен экономиканы өнүктүрүүгө жумшайт.

Кыргызстандын учурда тышкы карыздарды төлөөгө жетиштүү резервдери бар. Экономист Искендер Шаршеевдин пикири боюнча, тышкы карыздар узак мөөнөттүү жеңилдетилген негизде алынгандыктан, аларды эрте кайтарууга болбойт. Договорлорго ылайык, эрте төлөө үчүн айып пулдар каралган.

Ошондуктан, карыздарды эрте жабуу дагы көйгөйлөрдү жаратат жана кошумча чыгымдарды талап кылат. Кыргызстанда 9 миллиард долларлык ички резервдер жыйналган. Бул резервдер тышкы карызды тейлөө үчүн колдонулат. Эгер карызды эрте жабуу болсо, айып пулдар да төлөнөт. Мисалы, эгер карыз 9 миллиард доллар болсо, эрте жабууда 18 миллиард доллар төлөнөт. Учурда мурдагы карыздар боюнча төлөмдөрдүн мезгили келип, мамлекет жыл сайын 400-500 миллион доллар төлөп жатат.

Кыргызстандын тышкы карызынын көрсөткүчтөрү ЕАЭБ жана ТС өлкөлөрүнүн тышкы карыздары менен салыштырганда да кызыктуу. Мисалы, Казакстандын карызы 182 миллиард доллардан ашып кетти. Өзбекстандын карызы 46 миллиард долларга жакын. Армениянын тышкы карызы 13 миллиард долларга, Беларусияныкы болсо 37 миллиард долларга жетти.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген