Кыргызстандын курама командасы Вьетнамдагы Азия чемпионатында II орунду алды

Бишкек шаарында 3-июнда Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча жаштар курамасынын мүчөлөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга Мамлекеттик агенттиктин физикалык маданият жана спорт боюнча орун басары Болотбек Ашыралиев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Азия чемпионатынын жыйынтыктары талкууланып, спортчулардын чеберчилиги бааланды. Ошондой эле, келечектеги эл аралык мелдештерге даярдык жана машыгуу процессин жакшыртуу боюнча пикир алмашуу болду.

Эске салсак, Вьетнамда өткөн U-17 Азия чемпионатында Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча жаштар курамасы 8 медаль утуп алды. Алардын арасында алтын медальды Байэл Нуралиев (71 кг) жеңип алса, күмүш медальдар Арсен Шарапов (51 кг), Сыймык Аскаров (55 кг) жана Байэл Жамалидинов (60 кг) тарабынан ээленди. Бронзаны болсо Арсен Асанкулов (45 кг), Умарали Бердалиев (48 кг), Эдил Нурбеков (80 кг) жана Хасан Гасанов (92 кг) алышты.

Командалык эсепте Кыргызстандын жана Өзбекстандын курамалары 161 упай менен 2-орунду бөлүштү. Турнирдин жеңүүчүсү Иран курамасы болуп, алар 190 упай топтошту.

Кыргызстандык спортчулардын ийгиликтери өлкөнүн спорт тармагындагы өнүгүүсүн көрсөтүп, келечекте дагы көптөгөн жеңиштерди камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген