Кыргызстан «тоо терезесин» түзүүнү сунуштады

Кыргызстандын экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрү Самаркандда өткөн VIII Глобалдык экологиялык фондунун (ГЭФ) делегация башчыларынын пленардык жыйынына катышты. Жыйында министр Акыл Токтобаев Кыргызстандын экологияны коргоо, биоалуантүрдүүлүктү сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө адаптация боюнча стратегиялык приоритеттерин сунуштады.

Климаттык кризистин кесепеттерине эң көп дуушар болгон тоолуу мамлекеттерге колдоо көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Токтобаев ГЭФтин структурасында атайын “тоолуу терезе” түзүү боюнча сунушун киргизди. Бул механизм тоолуу өлкөлөрдүн гранттык каржылоого, заманбап технологияларга жана туруктуу өнүгүү боюнча натыйжалуу чечимдерге жеткиликтүүлүгүн жеңилдетет.

“Биздин тоолуу экосистемалар климаттык кризистин соккусун биринчи болуп кабыл алат, жана Тянь-Шанды сактоо — бул бүтүндөй региондун коопсуздугуна байланыштуу маселе”, – деди министр.

Ошондой эле, жыйында Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан негизги экологиялык реформалар жана инициативалар тууралуу маалымат берилди. Алардын арасында биоалуантүрдүүлүктү сактоо боюнча жаңыланган Улуттук стратегия жана аракеттер планынын алкагында Улуттук экологиялык каркас түзүү, “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясын өткөрүү, 2035-жылга чейин калдыктарды башкаруу стратегиясын ишке ашыруу жана экологиялык таза транспортту өнүктүрүү бар.

Жыйындын соңунда министр эл аралык өнөктөштөрдү, донордук уюмдарды жана экологиялык коомчулуктун өкүлдөрүн 2027-жылдын октябрында Кыргызстанда өтө турган Глобалдык тоолуу саммитине “Бишкек+25” катышууга чакырды. Ведомствонун маалыматына ылайык, саммит мөңгүлөрдү коргоо, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жана экология менен климат боюнча эл аралык кызматташтыкты чыңдоо маселелери боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн маанилүү эл аралык платформа болуп калат.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген