Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте 7-12-июнь күндөрү IV Бишкек эл аралык кинофестивалы өтөт. Бул иш-чара өлкөдөгү эң ири маданий окуялардын бири болуп, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген кино өнөрпоздорун, продюсерлерди, режиссерлорду жана актерлорду бириктирет.
Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, фестивалдын ачылыш аземи 7-июнда, Т. Усубалиев атындагы аянтта, ачык асман алдында өтөт. Саат 18:00дө катышуучулар, коноктор жана эл аралык калыстар тобунун мүчөлөрү үчүн “Асман килем” аттуу көк килем боюнча жүрүү башталат, ал эми расмий ачылыш аземи 19:00дө башталат. Ачылыштан кийин борбор калаанын тургундарына жана конокторуна атайын сюрприз даярдалган.
Фестивалда Эл аралык конкурс, Борбордук Азия конкурсу жана Kyrgyz Box улуттук программасы көрсөтүлөт. Кино көрсөтүүлөр Broadway, ЦУМ, “Ала-Тоо”, “Космопарк” кинотеатрларында жана Т. Усубалиев атындагы аянтта өтөт.
Бул жылы премьердик көрсөтүүлөргө өзгөчө көңүл бурулат. Программада Кыргызстан, Казахстан, Иран, Кытай жана Черногориядан келген фильмдердин дүйнөлүк премьерлери, ошондой эле эл аралык жана улуттук премьерлер камтылган.
Конкурстук эмес программада ачык асман алдында студенттик кыска метраждуу фильмдердин көрсөтүүлөрү, легендарлуу кыргыз актеру Догдурбек Кыдыралиевдин ретроспективасы, монгол киносу боюнча жума, ошондой эле профессионалдар үчүн масштабдуу индустриалдык программа — CAF Pitch, Bars in Progress, панелдик талкуулар жана сценарий боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.
Фестивалдын негизги окуяларынын бири 8-июнда, саат 15:30да Broadway кинотеатрында өтө турган белгилүү француз актрисасы Одри Тоту менен жолугушуу болот.
IV Бишкек эл аралык кинофестивалы эл аралык маданий диалогду өнүктүрүү, автордук кинону колдоо жана Борбордук Азиянын кинематографиясын дүйнөлүк аренада илгерилетүү үчүн маанилүү платформа болуп калат.