Бишкекте «Түрк кино күндөрү» кинофестивалы ачылды

Бишкекте 3-июнда «Ала-Тоо» кинотеатрында «Кыргызстан – Түрк киносу күндөрү» аттуу эл аралык кинофестивалынын ачылышы болду. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара кызыл килем менен башталып, түрк киноиндустриясынын өкүлдөрү, кыргызстандык кинематографисттер, маданият ишмерлери жана кино сүйүүчүлөр катышты.

Ачылыш аземинде маданият министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков сөз сүйлөп, Кыргызстан менен Түркиянын маданий байланыштарынын маанилүүлүгүн белгиледи. Түркиянын маданият жана туризм министрлигинин Кинематография башкармалыгынын башкы директору Бирол Гювен да куттуктоо сөзүн айтты. Ал мындай маданий долбоорлор эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жардам берерин айтты.

Эскерте кетсек, 3-7-июнь күндөрү Бишкекте «Түрк киносу күндөрү» өтүп жатат. Бул убакыт аралыгында бардык кино көрсөтүүлөр көрүүчүлөр үчүн акысыз болот. Ошондой эле, университеттерде жолугушуулар, белгилүү режиссерлор жана продюсерлер менен чыгармачылык талкуулар, маданий экскурсиялар жана эл аралык киноиндустриядагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган профессионалдык иш-чаралар пландалган.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген