Байсалов: Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайланышы – дүйнөлүк саясатта жаңы түрткү

Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине шайланышы – дүйнөлүк саясатта жаңы дем. Бул тууралуу АКШдагы Кыргызстан элчиси Эдиль Байсалов ТАСС агенттигинин журналистинин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Учурда Борбордук Азия экономикалык жанданууну баштан өткөрүүдө. Биз континенттин борборунда жайгашкандыктан, Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштү байланыштырып, жаңы глобалдык доорго кирип жатабыз. Кыргызстан Кытай жана Индия менен, ошондой эле Жакынкы Чыгыш менен чектешет. Эдиль Байсаловдун айтымында, Кыргызстандын шайланышы дүйнөлүк саясатка жаңы дем берет.

Кыргызстан 2027-2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөсү болуп шайланды. Шайлоодо 191 мамлекет катышып, биздин өлкө 142 добуш менен ишенимдүү жеңишке жетишти. Кыргызстан Коопсуздук Кеңешиндеги расмий ишин 2027-жылдын 1-январынан баштайт.

Борбордук Азиянын геосаясий мааниси артып жаткан учурда, Кыргызстандын бул жетишкендиги өлкөнүн эл аралык аренадагы ордун бекемдейт.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген